Өкмөт КРдеги чакан ГЭСтерди венгриялык ишкана долбоорлой турганын айтты

© Пресс-служба правительства / Алишер Алиев"A-Hid" венгриялык компаниясы Кыргыз Республикасында чакан ГЭСтерди долбоорлойт
A-Hid венгриялык компаниясы Кыргыз Республикасында чакан ГЭСтерди долбоорлойт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.07.2022
Жазылуу
A-Hid — энергетикалык объектилерди, көпүрө, автожол, темир жол сыяктуу инфраструктуралык объектилерди долбоорлоо менен алектенген венгриялык компания экени айтылды.
БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Венгриялык A-Hid компаниясы Кыргызстанда чакан ГЭСтерди долбоорлойт. Бул тууралуу министрлер кабинетинен кабарлады.
Кызматташуу жөнүндө макулдашууга Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги, Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду жана A-Hid компаниясынын өкүлдөрү кол коюшту.
© Пресс-служба правительства / Алишер Алиев

Венгриялык A-Hid компаниясы Кыргызстанда чакан ГЭСтерди долбоорлойт

Венгриялык A-Hid компаниясы Кыргызстанда чакан ГЭСтерди долбоорлойт - Sputnik Кыргызстан
1/2

Венгриялык A-Hid компаниясы Кыргызстанда чакан ГЭСтерди долбоорлойт

© Пресс-служба правительства / Алишер Алиев

Кызматташуу жөнүндө макулдашууга Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги, Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду жана A-Hid компаниясынын өкүлдөрү кол коюшту

Кызматташуу жөнүндө макулдашууга Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги, Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду жана A-Hid компаниясынын өкүлдөрү кол коюшту - Sputnik Кыргызстан
2/2

Кызматташуу жөнүндө макулдашууга Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги, Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду жана A-Hid компаниясынын өкүлдөрү кол коюшту

1/2

Венгриялык A-Hid компаниясы Кыргызстанда чакан ГЭСтерди долбоорлойт

2/2

Кызматташуу жөнүндө макулдашууга Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги, Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду жана A-Hid компаниясынын өкүлдөрү кол коюшту

Ага ылайык, алдын ала техникалык-экономикалык негиздемени андан ары иштеп чыгуу менен чакан ГЭСтерди куруу үчүн кыйла ыңгайлуу участокторду тандоо боюнча изилдөөлөр жүргүзүлөт. Ошондой эле Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу менен чакан ГЭСтердин курулушун каржылоо маселеси да каралмакчы.
"Чакан ГЭСтерди өнүктүрүү жана куруу – артыкчылыктуу багыттардын бири. Биз өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгын камсыз кылууга мүмкүндүк берген долбоорлорду ишке ашырууга даярбыз", — деди аталган компаниянын өкүлдөрү менен жолуккан Акылбек Жапаров.
A-Hid — энергетикалык объектилерди, көпүрө, автожол, темир жол сыяктуу инфраструктуралык объектилерди долбоорлоо менен алектенген венгриялык компания экенин өкмөттөн айтты.
Ал эми Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү максатында түзүлгөн. Фонд жергиликтүү экономиканын артыкчылыктуу тармактарындагы өзүн-өзү актаган долбоорлорго жеңилдетилген кредиттерди берет. Уставдык капиталы 16 миллион доллар.
Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин кыргызстандык кесиптеши Акылбек Жапаров менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.07.2022
Мишустин менен Жапаров телефон аркылуу сүйлөштү. Эмне маселе талкууланды
Жаңылыктар түрмөгү
0