Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Эшимов: мигранттарга юридикалык жардам берчү тейлөө борборлорун ачуу керек

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Замандаш" ассоциациясынын өкүлү Руслан Эшимов
Замандаш ассоциациясынын өкүлү Руслан Эшимов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.08.2022
Жазылуу
"Замандаш" ассоциациясынын өкүлү Руслан Эшимов Россиядагы эмгек мигранттары тиешелүү мыйзамдар, эрежелер тууралуу маалымат, юридикалык кеп-кеңеш алууда кыйынчылыктарга дуушар болуп келишерин айтты.
Москвада, бейрасмий маалымат боюнча, бир миллиондон ашуун кыргызстандык бар. Ал эми элчиликте 30-40 адам иштейт. Албетте, тейлөөгө жетишпейт. Андыктан Россиянын чоң шаарларына кыргызстандыктар үчүн калкты тейлөөчү борборлорду ачуу зарыл. Мындай пикирин Руслан Эшимов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Эшимов: мигранттарга юридикалык жардам берчү тейлөө борборлорун ачуу керек
Анын айтымында, учурда элчиликте күнүнө 200-250 адам ар кандай маселелери менен кезек күтүп турушат.

"Кыргызстандан барган эмгек мигранттары Россияда абдан эле көп. Алар негизинен юридикалык консультация алуу, жаңы чыккан эрежелер же мыйзамдардын өзгөрүшү боюнча маалыматка ээ болуу максатында элчиликке барышат. Москвадагы кыргыз элчилигинин астында мунун айынан дайыма топтолгон адамдарды көрүүгө болот. Маселени кароолчулукка юристти коюу менен жана кеңсенин ичинде элди тейлеген юристтердин санын көбөйтүү менен да чечсе болот. Бирок бул деле толугу менен элчиликтин ишин жеңилдетпейт. Андыктан акча төлөп кызмат алуучу жеке менчик калкты тейлөөчү борборлорду уюштуруу зарыл. Ал жерде юридикалык кеп-кеңеш алуу акысыз, ал эми тигил же бул кагаз иштерин бүткөрүү, мекен аркылуу документтерин иреттөө жана башка убакыт менен эмгекти талап кылган иштерге көп эмес акы төлөнө турган негизде иштеши керек. Мындай бир борбордун күнүнө 400-450 адамды тейлөөгө кудурети жетет. Ичинде төрт юрист болот. Алардын экөө калкка онлайн жооп берип отурса, калган экөө кыдырып, маселени жеринде чечет. Кыргызстан тарап болгону бир вице-консулду ушул борборлор менен иштөөгө бекитип берсе жетишет. Аталган мекемелер элчиликке башка жүгүн артпайт. Менин бул сунушумду Россияда жашаган кыргыз ишкерлер деле аткара алмак. Жыйынтыгында элди ыкчам, сапаттуу тейлөө менен камсыздап, элчилик бул маселеден арылып, эл аралык мамиледеги башка иштерин жүргүзө бермек", — деди Эшимов.

Ал мындай калкты тейлөө борборлору эмгек мигранттарын ортомчулукту сунуштаган шылуундарга алданып калуудан да сактай турганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0