23-августка карата аба ырайы

© AP Photo / Vladimir VoroninСуусамырдын жайлоосундагы жылкылар. Архивдик сүрөт
Суусамырдын жайлоосундагы жылкылар. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.08.2022
Жазылуу
23-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, кээ бир жерлерде 15-20 метрге жетет.
БИШКЕК, 22-Авг. — Sputnik. Шейшембиде күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +23...+28, Талас облусунда +21...+26, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында +28...+33, Ысык-Көл өрөөнүндө +22...+27, Нарында +24...+29 градус жылуу болот.
Борбор калаада күндүн табы +26...+28, Ош шаарында +29...+31, Чолпон-Атада +20...+22 градуска чейин көтөрүлөт.
Жаан жааган учурда жолдо жүргөн такси - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.08.2022
Жайдын соңку күндөрү кандай болот? Келе жаткан аптага аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0