Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Камчыбеков: Кытайда өтө турган "ПараАзия оюндары-2022" спорттук мелдешине барам

© Sputnik / Асель СыдыковаСтудент, параспортсмен Дастан Камчыбеков
Студент, параспортсмен Дастан Камчыбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.08.2022
Жазылуу
Студент, параспортчу Дастан Камчыбеков келечекте спорттук журналист болууну көздөп жатканын айтты.
Мен Талас районунун Орто-Арык айылында туулуп-өскөм. Алтынчы класска чейин "кадимки" эле бала болчумун. Бир жолу классым менен Таластагы Манастын күмбөзүн көрүү үчүн экскурсияга бардык. Кайтуу маалы келгенде досторум менен жарышып, бир убакта ташка чалынып куладым. Ошондо башым менен катуу урунуп, көзүм караңгылай түшкөн эле. Бул тууралуу Дастан Камчыбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Камчыбеков: Кытайда өтө турган Пара Азия оюндары-2022 спорттук мелдешине барам
Анын айтымында, интернатта комуз черткенди, сыбызгыда ойногонду үйрөнгөн, кээде ыр да жазып калат.

"Көрүү тездик менен төмөндөп, жаракат алгандан бир жылдан кийин толугу менен көрбөй калдым. Мектепке барбай депрессияга кабылдым. Туугандарым Бишкектеги азиз жана начар көргөн балдардын мектеп-интернатына алып барууга аргасыз болушту. Жаңы жерге көнүү мен үчүн абдан кыйын болду. Себеби ал жердеги балдардын көбү тубаса же өтө кичинекей кезинен эле сокур болуп калышкан. Ары-бери басып, кыймылдап, ориентир алганды билишчү. Үй-бүлөмдү сагынып, күндө апама чалып ыйлап, анын жүрөгүн оорутуп жүрдүм. Өмүрүмдүн эки жылы ушундай абалда өтүп, 10-класста гана диагнозумду кабыл алып, жашоомду өзгөртүүнү чечтим. Ошол кезде музыкалык долбоорго катышып, иш-чарага конок катары келген паратриатлон боюнча Азия оюндарынын коло байге ээси Жалалдин Авдувалиевге жолугуп калдым. Жалалдин байке мага Гүлназ Жүзбаеванын жетекчилиги астында Кыргызстандын азиздер федерациясынын алты айлык адаптация курсунан өтүүнү сунуштады. Мен бул сунушту ойлонбостон кабыл алып, жайкы каникулда биринчи жолу үйгө барган жокмун. Алты айдын ичинде таяк менен басканды, тамак жасаганды, мындайча айтканда,, өз алдынча болгонго үйрөндүм. Эң негизгиси, спорт менен машыга баштадым. Жакшы жыйынтык көрсөтүп, учурда паратриатлон менен алектенем. Паратриатлон спорттун үч түрүн: сууда сүзүү, веложарыш жана чуркоону камтыйт. Германия, Италия, Абу-Дабиде өткөн эл аралык турнирлерге катышып келдим. Алдыда Кытайда өтө турган "ПараАзия оюндары- 2022" аттуу спорттук мелдешке барам", — деди Камчыбеков.

Ал учурда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетинин үчүнчү курсунда окуп, келечекте спорттук журналист болууну көздөп жатканын кошумчалады.
Тема боюнча:
Көзү көрбөгөн Дастандын жөндөмүнө куландан соо адамдар таң беришет. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0