Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Крымга АКШнын макулдугу менен Киев аскердик чагымдарын күчөтө турганын айтты

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүЯлта шаары. Архивдик сүрөт
Ялта шаары. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.08.2022
Жазылуу
Вашингтон украин улутчулдарына НАТОнун куралын колдонуу менен Крымга каршы аскердик чагымдарды күчөтүүгө уруксат берип, алардын кадамын жымсалдаганга аракет кыла турганы болжолдонууда.
БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. АКШ Крымда Украинанын чагымчылык аракеттерин уюштурууну пландап жатат. Бул тууралуу республиканын Россия президентинин алдындагы туруктуу өкүлү, Крым өкмөтүнүн вице-премьери Георгий Мурадов билдиргенин РИА Новости жазды.
Киев 23-августта "Крым платформасы" аталышындагы экинчи эл аралык саммитин онлайн-форматта өткөрүүнү пландап жатат. Ага ондогон мамлекет жана эл аралык уюмдар чакырылган. Өз кезегинде НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг катыша турганын ырастаган.
"Вашингтон жана Киев НАТО менен Россиянын ортосундагы согуштун курчушуна үмүттөнүп жатат. Ошондуктан блоктун баш катчысы Столтенберг өзүнүн тарапташтарын Крымды оккупациялоо боюнча эл аралык платформа деп аталган жыйынга алып келүүдө", — деди Мурадов РИА Новостиге.
Туруктуу өкүл бул иш-чарада Вашингтон "украин улутчулдарына НАТОнун куралын колдонуу менен Крымга каршы аскердик чагымдарды күчөтүүгө уруксат берип, алардын кадамын жымсалдаганга аракет кыларын" жашырган эмес.
Ал Украина НАТО менен Россиянын ортосундагы чыр-чатакты күчөтүп, бул үчүн "Киев режиминин лидерлери кийин ири суммадагы акча жана татыктуу баш паанек ала турганын" божомолдогон.
Киев бийлиги акыркы кездери Крымда чагымчыл иштерди күчөттү. Тактап айтканда, ишемби күнү эртең менен Абадан коргонуу күчтөрү Кара деңиз флотунун Севастополдогу штабына кол салууга аракет кылган украиналык пилотсуз техниканы атып түшүргөн.
Крым 2014-жылы март айында өткөн референдумдан кийин Россиянын аймагына ыктаган. Анда Крымдагы шайлоочулардын 96,77 пайызы жана Севастополдогу жарандардын 95,6 пайызы Россияга кошулууну колдогон. Украина азыркыга чейин Крымды өзүнүн, бирок убактылуу оккупацияланган аймагы деп эсептейт. Россиянын бийлиги бир нече ирет Крымдын тургундары демократиялык жол менен толук эл аралык укукта жана БУУнун уставына ылайык, Россия менен биригүүгө добуш бергенин билдирген.
Украинанын президенти Владимир Зеленский - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.08.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Киевде так талаш башталды. Кыш көп маселени чечет
Жаңылыктар түрмөгү
0