Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Киевде так талаш башталды. Кыш көп маселени чечет

© AP Photo / Ukrainian Presidential Press OfficeУкраинанын президенти Владимир Зеленский
Украинанын президенти Владимир Зеленский - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.08.2022
Жазылуу
Аналитиктердин баамында Украинада саясий кырдаал сууктун түшүшү менен курчуйт. Бийлик элди жылуулук менен камсыздай албай турганын ачык эле айтып жатат.
Украина оппозициясы репрессиялардан чарчап Владимир Зеленскийге каршы оппозицияга биригүүдө. Ири саясий кризис кышында, бийлик элди жылуулук менен камсыздай албай калган маалда чыгышы мүмкүн. Абалга сереп салган макала РИА Новости агенттигине жарыяланды.

Алгачкы карлыгач

Киевдин мэри Виталий Кличко оппозицияга өтөрүн жар салды. Чет жактан да колдоо болорун айтып жатат, бир тууганы Владимир Германия өкмөтү менен гуманитардык маселелерди жайгарып жатыптыр. Мурунку боксчу жеке рейтингин 63, ал эми "УДАР" партиясыныкын 31 пайызга баалап, курчоого алынган Киевди сактап калганын белгилеп келет.
Кличконун өзүнүн айтымында, ал Россиянын атайын операциясы тууралуу билген, мындан улам согуштук аракеттерге даяр болчу. Калкты узакка созулчу тирешүүгө даярдап жаткан маалда Зеленский украиналыктар "май айында шиш кебек бышырып жеп каларын" убадалаган. Бокс боюнча дүйнөнүн экс-чемпиону россиялыктар кымырылып-кысылбастан Беларуста окуу-машыгуу өткөрүп, эч каршылыгы жок эле Киевге жакындап келгенине, буга бийлик эч кандай чара көрбөгөнүнө нааразы.
Кличко Кивдин ирегесиндеги кандуу кагылышууларда Зеленскийдин айрым адамдары жөн гана качып кеткенин белгиледи. Мындан тышкары, ал президент Киевдин аскердик администрациясына өз кишисин койгонун, бирок бардык маселе дагы эле мэрдин мойнунда экенин айткан. Шаар башчысы элге кызмат кылуудан башка жолу жок экенин, анткени аны карапайым калк шайлаганын эске салууда.
Бирок буга карабастан Зеленский Кличкону Мадриддеги саммитке жибергиси келген эмес, ал эми президенттик кеңсе аны менен болгону эки жолу байланышка чыккан. Премьер-министр Денис Шмыгаль да Кличкону бар-жок дебейт. Зеленскийдин администрация башчысы, Жергиликтүү жана аймактык бийлик конгрессин жетектеген Андрей Ермак Украинанын бардык шаарларын борборго баш ийдирүүгө аракет кылып жатат. Ал эми Украина шаарларынын ассоциациясынын жетекчиси катары Кличко өзүн-өзү башкаруу ыкмасын жактайт.
Муну менен бирге мэрди Зеленскийдин командасы жок немец паспорту үчүн жарандыктан ажыратабыз деп коркуткан. Буга Днепрдин аскерий-жарандык администрациясынын башчысы Геннадий Корбанга документтерин кайтаруу өтүнүчү себеп болгон. Корбан чет өлкөгө чыгып, кайра кайта албай калган. Мындай кадам менен президенттин кеңсеси аны Ермак Батыштан алынган насыяны максатсыз пайдаланып койгон деген айың кептин таркап кеткени үчүн жазалады.
Корбан — ишкер Игорь Коломойскийдин жакын адамдарынын бири, ал дагы жарандыктын азабын тартып жүрөт. 2019-жылы ЖМКлар бизнесмен Донбасс, Днепр, Запорожье, Одесса, Харьков жана башка шаарлардын башында турган адамдардан "мэрлер партиясын" түзө турганын жазып чыгышкан. Кличко өзүн-өзү башкаруу тууралуу айтып жатса, демек, аны аталган долбоордун жанданышы кызыктырышы толук мүмкүн.
Вашингтондогу Капитолий - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.08.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Америкалык тарыхчы АКШнын Украинадагы чыныгы максатын атады

Порошенконун окуялары

Экс-президент парламенттеги эң ири оппозициялык фракцияга (Европалык тилектештик) ээ, АКШ менен Евробиримдикте байланыштары күчтүү. Теориялык жактан алганда Кличко менен эпке келиши мүмкүн. 2015-жылы кыска мөөнөткө болсо да бул экөөнүн бириккен жайы бар.
Порошенконун президенттик тактыга кайтып келүү мүмкүнчүлүгү аз. Керек болсо азыр чет өлкөгө да тынчыраак чыгып келе албайт. Барган күндө да Зеленскийдин из кубарлары жанын койбой, болушунча көбүрөөк компромат чогултууга аракет кылышат: шампан ичип жатканы, жубайы менен, кыз-кыркын менен жүргөн сүрөттөрү чыгып калат.
Экс-президенттин айланасындагылар үчүн оңой эмес кырдаал. Зеленскийдин "Слуга народа" партиясынын депутаты Марьяна Безуглая Украинанын Коопсуздук кызматынан Порошенконун айланасында жүргөн ыктыярчылар менен саясатчылардын ишин иликтеп чыгууну талап кылып жатат. Анын айтымында, булар өлкөнү бөлүп-жарып, ийгиликтерди армия командачылыгына, ал эми жол болбогон учурларды Зеленскийге оодара салууга аракет кылып келишет имиш. Анда мунун баары Москванын кызыкчылыгы үчүн жасалат экен.
Ал эми Коопсуздук кызматы өлкөдө коомдук-саясий абалды курчутуп жаткан ири ботоферманы жок кылганын билдирген. Украин ЖМКлары муну Порошенкого жасалган кезектеги чабуул катары кабылдады. Мекеме кайсы бир украин саясий партия фейк-аккаунттардын жардамы менен социалдык тармакта 400 миң кишиси бар тайпаларды түзүп, Зеленский менен Куралдуу күчтөрдүн башкы командачысы Валерий Залужныйдын ортосуна жик түшүрө турган маалыматтарды, президенттин кеңсе ичиндеги талаш-тартыштары тууралуу ушак кептерди таратып, өлкө башчынын жубайынын кадырына доо кетирүүгө аракет кылып келгенин ачыктады. Күч түзүмдөрүнүн берген маалыматы боюнча, бул түйүндү Россиянын жараны тескеп келген. Мындан улам Коопсуздук кызматы айрым украин саясатчылары каршы тарапка да ойноп коюп жатат деген ишенимде.
Россия президенти Владимир Путин менен Кытайдын лидери Си Цзиньпин. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.08.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЖМК: Путин менен Си Цзиньпин Батышка баш ийбестигин далилдейт

Суукка аз калды

Украина ЖМКлары атайын операция учурунда Зеленский кандай гана оппозициялык ишмердүүлүк болбосун, аны дароо саткынчылыкка теңеп жатканына нааразы. Жапырт репрессиядан "макул болбогондордун" Батыштагы колдоочулары гана кармап тургандай. Ал эми "Оппозициялык платформа — Жашоо үчүн" партиясынын андай колдоочулары жок экен, жаап тынышты. Лидерлеринин бири Виктор Медведчукту мамлекеттик чыккынчылык кылды деген айып менен абакка отургузушту. Ал эми ошол эле иш боюнча шектүү катары суралып жаткан Порошенко ээн-эркин жүрөт.
Саясат таануучу Ростислав Ищенко Кличко президенттин кеңсеси жарандыктан ажыратабыз деп коркутканы үчүн ачык каршылашууга өттү деп эсептейт. "Зеленский көптөн бери Киевге сөзүн уккан киши коюуга аракет кылып келет. Согуштан улам Украина экономикасы кескин солгундап кетти, борбор калаа майлуу-сүттүү жер болгондуктан мэрликке өз кишисин алып келүү зарылдыгы мурдагыдан да күчөдү", — дейт эксперт.
Аналитиктердин баамында Украинада саясий кырдаал сууктун түшүшү менен курчуйт. Бийлик элди жылуулук менен камсыздай албай турганын ачык эле айтып жатат. "Барган сайын өзүн өлкө башчы менен байланыштыруудан качкан саясатчылар көбөйүүдө. Кыш жакындаган сайын абал да начарлай берет. Кличко жоопкерчиликти алгысы келбейт, демек, күнөөнүн баарын президентке оодара салууга жан үрөйт", — дейт саясат таануучу Александр Дудчак.
Мындай кырдаалда нааразылык күчөйт, демек, Зеленский бийликти болушунча топтоого аракет кылат. Оппозиция коргонууга өтөт, биригип кетиши да ажеп эмес.
Зеленскийдин каршылаштары чабуулга өтөбү, мамлекеттик төңкөрүшкө барышабы — мунун баары алардын Батыштагы кураторлорунан көз каранды. Дудчак түшүндүргөндөй, алардын макулдугусуз эч ким тобокелдикке барбайт, эгер анте турган болсо, АКШ менен Евробиримдик насыя берүүдөн, курал-жарак, ок-дары жеткирүүдөн баш тартып коет.
Шаар тургундары Донецктин Ленин районун аткылоо болгон жерде жарылбай калган снаряддардын жанында. - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.08.2022
Украина өзүн-өзү кыйратуучу өлкөгө айланганда. Ой толгоо
Жаңылыктар түрмөгү
0