Тайванга АКШнын жаңы делегациясы учуп келди

© AFP / ROBYN BECKТайвань жана АКШ желектери. Архив
Тайвань жана АКШ желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.08.2022
Жазылуу
Буга чейин Кытайдын Элдик-боштондук армиясы аралдын аймагына жакын 11 аскер учагы менен алты кеме жөнөткөнү кабарланган.
БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Сенатор Эд Марки башында турган делегация бүгүн Тайбэйге учуп келгенин Тайвандын ТИМи Twitter баракчасы аркылуу кабарлады. Ал жерде сүрөттөр да жайгаштырылган.

"Делегация аралга Инд-Тынч океан регионуна жасалган сапардын алкагында келди", — деп айтылат маалыматта.

Конгрессмендер жогорку кызматтагы аткаминерлер менен жолугуп, АКШ менен Тайвандын мамилесин, аймактык коопсуздук, соода жана инвестиция, климаттын өзгөрүүсү сыяктуу маселелерди талкуулай турганы айтылды.
Буга чейин Кытайдын Элдик-боштондук армиясы аралдын аймагына жакын 11 аскер учагы менен алты кеме жөнөткөнү кабарланган. Тайвань буга жооп иретинде аба кайгуулун уюштуруп, зениттик ракеталык комплекстерин даярдаган.
Тайвандын айланасындагы кырдаал АКШ Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси келип кеткенден кийин оорлошуп кетти. Бул жогорку даражалуу америкалык саясатчынын акыркы 25 жылда аралга жасаган биринчи сапары болуп калды. КЭР төрагасы Си Цзиньпиндин "келип от менен ойнобошу керектигин" эскерткенине карабастан мындай кадамга барган АКШ "бирдиктүү Кытай" саясатын колдой турганын айтып келет.
Кытай Тайванды өз провинциясы деп эсептеп, дипломатиялык алакасы бар мамлекеттердин Тайбэй менен кандайдыр бир алака түзүүсүнө каршы. Америкалык чиновниктин сапарына жооп кылып Пекин 4-августта ок атуу менен коштолуп, аскер техникасы тартылган масштабуу машыгуусун баштаган.
Белгилей кетсек, Кытайдын борбордук өкмөтү менен аралдык провинциясынын ортосундагы расмий мамиле 1949-жылы токтогон. Чан Кайши башында турган Гоминьдан Кытай Компартиясы менен болгон жарандык согушта жеңилүүгө дуушар болуп, Тайванга жер которгон. Байланыш 1980-жылдардын соңунда гана жандана баштаган. 1990-жылдын башынан тарта тараптар бейөкмөт уюмдар аркылуу алака түзгөн.
АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы Генри Киссинджер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.08.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Киссинджер: АКШ Россия жана Кытай менен согушуу коркунучунда турат
Жаңылыктар түрмөгү
0