00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
55 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
48 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:30
4 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Канча адам активдерди ыктыярдуу легалдаштыруу өнөктүгүнө катышты?
17:35
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
9 мин
Киноблог
Советские кинотеатры Бишкека: золотая эпоха киномехаников
18:10
47 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

УКМКнын абагында отурган "Айыл банк" төрагасынын экс-орун басары жанын кыйды

© Sputnik / Табылды КадырбековТүзөтүү мекемесинин имаратындагы зым. Архив сүрөт
Түзөтүү мекемесинин имаратындагы зым. Архив сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.06.2022
Жазылуу
Кылмышка шектүү кызматкер 18-июнга караган түнү саат 00:55 чамасында өзү отурган камерада асынып алган.
БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. УКМКнын тергөө абагында отурган "Айыл Банктын" насыяларды тескөө бөлүмүнүн мурдагы башчысы А.Б.Р. өз жанын кыйды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
А.Б.Р. "Айыл банк" төрагасынын орун басары болуп дагы иштегени маалым.
Билдирүүгө ылайык, ал коррупцияга шектелип 30-апрелден бери тергөө абагында болчу. 18-июнга караган түнү саат 00:55 чамасында өзү отурган камерада асынып алган.

"Тергөө абагынын кызматкерлери жана камералаштары тарабынан биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, Тез жардам кызматы чакырылган. А.Б.Р. санитардык блокко жайгаштырылган, анын жанында дагы 3 айыпкер болгон. Алар эки кишилик эки камерага бөлүнүп киргизилген. Ошол эле учурда жуунуучу бөлмөлөрү жалпы болгондуктан камералардын эшиктери дайыма ачык болгон. Бирок камералардын коридору өзүнчө тор менен тосулган. А.Б.Р. өз өмүрүнө кол салуу учурунда жанындагы айыпталуучулар башка камерада намаз окуп жатышкан", — деп айтылат маалыматта.

УКМК "Айыл банктын" мурдагы бөлүм башчысы ден соолугу, камакта кармоонун шарттары тууралуу мурда-кийин даттанбаганын айтууда. Жактоочу айыпталуучуга ээн-эркин кирип турганы жана жакын туугандары менен жолугушууга да уруксат берилгени белгиленди.
"Мындан тышкары, А.Б.Р. камакта отурган учурунда өз жанын кыюуга шектенткен нерселер жүрүм-турумунан байкалган эмес. Азыркы учурда тиешелүү соттук-медициналык экспертиза дайындалды", — деп билдирди УКМК.
Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 8-февралында УКМК коррупциялык схема түзгөн деп "Айыл Банк" ААКнын жооптуу кызматтарында иштеп кеткен төрт кишини кармаган болчу.
Саясат таануучу Марат Казакпаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.06.2022
Марат Казакпаев абакта отурганда эки нерсеге арызданып жүргөнү айтылды
Жаңылыктар түрмөгү
0