Простатитти толук айыктырса болобу? Урологдун жообу

© Фото / Pexels / Andrea PiacquadioОоруга кабылган киши. Иллюстративдик сүрөт
Ооруга кабылган киши. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.08.2022
Жазылуу
Простатит менен жабыркаган бейтап бат-бат заара ушатып, түнкүсүн дааратканага көп барып, чаттын жана табарсыктын айланасындагы оорудан кыйналат. Ошондой эле анын жыныстык катнашка болгон каалоосу төмөндөп кетет.
БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Эркектердин организминде простата сперманын көпчүлүк бөлүгүн чыгарып, эякуляцияны камсыздап, эрекция жана башка процесстерге катышуу менен маанилүү роль ойнойт. Бул тууралуу врач-уролог Игорь Князев Sputnik Кыргызстан радиосуна курган маегинде айтып берди.
Дарыгер простатанын сезгенүүсү жогоруда аталган организмдеги процесстердин бузулушуна алып келерин айтты.
"Простатит курч жана өнөкөт түрдө болот. Курч түрдөгүсү бат өрчүй турган илдет. Анда бейтап заара ушатууда кыйналып, дене табы көтөрүлүп, жүрөк айлануу, жамбаш тараптагы оорудан жабыркайт. Бул ооруну ичеги-карындагы инфекция пайда кылат. Ал эми суукта велосипед тебүү, муздак бассейнде сүзүү, сыз жерге отуруу иммунитетти алсыздандырып, бактериялардын өрчүшүнө шарт түзөт. Бейтап бул ооруну алдын алып, убагында адистерге кайрылса, аны толугу менен дарылоого болот", — дейт дарыгер.
Князев ошол эле учурда простатиттин өнөкөт түрүн дарылоо оңойго турбастыгын эскерткен.
"Окумуштуулар өнөкөт простатитке көп маани беришпейт, ал тургай кээде мындай көрүнүш жок экендигин айтып келишет. Простатит инфекция аркылуу, инфекциясыз же симптомсуз деле болушу мүмкүн. Эгерде оору инфекция аркылуу пайда болсо, аны дарылоодо инфекцияны жок кылуу аракети көрүлөт. Простатит менен жабыркаган бейтап бат-бат заара ушатып, түнкүсүн дааратканага көп барып, чаттын жана табарсыктын айланасындагы оорудан кыйналат. Анын жыныстык катнашка болгон каалоосу төмөндөп, бел суу жана заарасы толугу менен чыкпай калгандай сезим болот", — дейт адис.
Уролог илдетти дарылоонун жалпы жолу жоктугун, ар бир бейтапка өзүнчө мамиле жасоо керектигин кошумчалады. Князев өнөкөт простатитти толугу менен дарылоо мүмкүн эместигин айтып, бирок дарыгердин сунуштарын толук кармануу менен илдеттин өрчүшүн басаңдатууга болорун билдирди.
Доцент кафедры урологии и андрологии и последипломного образования КГМА Болот Рысбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.04.2022
Простатит менен ооругандардын нерви, жүрөгү да жабыркайт. Уролог Рысбаевдин маеги
Жаңылыктар түрмөгү
0