Спецоперация России по защите Донбасса - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Запорожье атомдук электр станциясына жасалган сокку. МАГАТЭ менен БУУнун позициясы

© Sputnik / РИА Новости / Медиабанкка өтүүЗапорожье атомдук станциясы
Запорожье атомдук станциясы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.08.2022
Жазылуу
Жекшембиге караган түнү Украинанын Куралдуу күчтөрү Запорожье атомдук электр станциясына сокку урган. Эгер ал кыйрай турган болсо Украинадан тышкары, Европа менен Азиянын элине залакасы тиймек.
БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) жетекчилиги украин аскерлеринин Запорожье атомдук станциясын аткылоосуна байланыштуу эч кандай чечкиндүү чара көрбөй жатат. Бул тууралуу Запорожье облусунун администрация башчысы Евгений Балицкий Telegram-каналында билдирди.
Энергодар шаарынын бийлиги жекшембиге караган түнү Киев аскерлери Запорожье атомдук электр станциясына "Ураган" ракеталык системасынан сокку урганын жарыялаган. Ракетанын кыймылдаткычы станциянын иштеп жаткан энергоблогунан 400 метрдей жерге кулап түшкөнү айтылган. Эгер ал иштеп жаткан энергоблокко тийсе, Украинадан тышкары, Европанын жана Азиянын жүз миңдеген тургундарынын өмүрүнө коркунуч жаралары кошумчаланды.
"МАГАТЭнин жетекчилиги киевдик нацисттер бүткүл дүйнө үчүн жаратып жаткан өзөктүк катастрофанын реалдуу коркунучун билет. Бирок алар украин өкмөтүнүн кылмыштуу аракеттерин ооздуктоо үчүн реалдуу чараларды көрбөй жатышат", — деди Балицкий.
Ал эми МАГАТЭнин башчысы Рафаэль Гросси мурдараак Запорожье атомдук станциясынын аткылоого байланыштуу тынчсыздануусун билдирген. Анын айтымында, аталган станциянын коопсуздугуна коркунуч келтирген аскерий аракеттер "акылга сыйбаган нерсе". Гросси бул маселе боюнча МАГАТЭнин эксперттеринин миссиясын жетектөөгө даяр экенин айткан.
Бул маселе боюнча өз позициясын Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Антониу Гутерриш дагы билдирди.
"Атомдук электр станцияларына кол салуу — жанкечтилик аракет. Бул нерсе токтойт деп үмүттөнөбүз. Ошол эле учурда МАГАТЭнин адистери станцияга кирүүгө мүмкүнчүлүк алат деп үмүттөнөбүз", — деди Гутерриш.

Тарыхы

Россиянын Украинадагы атайын операциясы башталгандан бери украин аскерлери АЭСтин аймагына бир нече жолу чабуул жасоо аракетин көрүшкөн. Артиллериялык бир катар чабуулдун натыйжасында өрт чыгып, энергоблоктордун иштөөсү үчүн зарыл болгон эки электр чубалгысы үзүлгөн. Анда №3 станция ишин токтотуп, №4 энергоблоктун генерацияланган кубаттуулугу кыскарган.
Запорожье АЭСи Днепрдин сол жээгинде, Энергодар шаарына жакын жерде жайгашкан. Бул блоктордун саны жана орнотулган кубаттуулугу боюнча Европадагы эң ири атомдук электр станция болуп эсептелет. 1984-1987-жылдары алгачкы төрт энергоблок, 1989-жылы бешинчи, 1996-жылы алтынчысы ишке киргизилген.
Ал март айынан бери орус аскерлери тарабынан кайтарылып келген. Россиянын Тышкы иштер министрлиги бул кадамды өзөктүк жана радиоактивдүү материалдардын агып кетүүсүнө жол бербөө үчүн жасалды деп түшүндүргөн.
Анткен менен станция украиналык оператор тарабынан көзөмөлдөнүп жатат.
Танктарды коштоочу Терминатор аскердик унаасы Харьков облусунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.08.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Донбасстагы жагдай: үч калаадагы украиналык "чептер" кыйрады
Жаңылыктар түрмөгү
0