Эртең Бишкектин көчөлөрү менен конуштарында жарык өчөт. Тизме

© Sputnik / Табылды КадырбековЭлектр мамысы. Архив
Электр мамысы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.08.2022
Жазылуу
Атайын бригада бул күнү трансформаторлор менен зымдарды оңдойт.
БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү, 8-августта, Бишкектин кээ бир аймактарында жарык өчөт. Бул тууралуу “Түндүк электр” ишканасы билдирди.
Жарык берүү үзгүлтүккө учурай турган аймактар:
9:00-12:00 — Түштүк-2 кичи районунда;
9:00-17:00 — Ахунбаев көчөсүндөгү № 131 үйдө, Чортеков, Шербет, Ак-Тан, Репин, Боромбай, Ахунбаев, Профсоюз, Месарош, Дыйкан, Эркин-Эл көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө, Достук кичи районунда, Балбан Таймаш (Кустанай конушундагы № 5, 6, 11, 20, 22, 24, 29, 34 үйлөрдө) жана Керемет конуштарында;
9:00-18:00 — Кайназарова, Профсоюз, Месарош көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө, Арча-Бешик конушунда (18-көчө), Төмөнкү Ала-Арча (Зеленая, Новая, Тихая көчөлөрү, Совет туюк көчөсү) жана Маевка (Садовая, Жаш гвардия, Новая, Ала-Арча, Набережная, Арычная көчөлөрүндө, Садовый туюк көчөсүндө) айылдарында;
9:30-15:00 — Широкий, 1а (түрк лицейи) көчөсүндө;
9:30-17:00 — 4-кичи райондогу № 30а үйүндө;
12:45-18:00 — Фрунзе, Лермонтов, Саратов, Көлбаев, Целиноградский көчөлөрүнүн бөлүктөрүндө, Ак-Тилек 2, Кара-Жыгач (Кереге-Таш, Оберон көчөлөрү) жана Рухий-Мурас конуштарында;
15:00-18:30 — Курманалиев жана Болотной көчөлөрүнүн бөлүктөрүндө.
Бишкек мэриясы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.08.2022
Бишкек мэриясы жаңы муниципалдык ишкана түзүп жатат. Максаты
Жаңылыктар түрмөгү
0