Бишкекте 4 миң сомдук көмүр сатыла баштады. Дареги

© Sputnik / Бактияр БердибековКөмүр. Архив
Көмүр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.08.2022
Жазылуу
Борбордо алты кампада Кара-Кеченин кесек көмүрүн сатуу уюштурулду.
БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Бишкекте төрт миң сомдук көмүр сатыла баштады. Бул тууралуу "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасы кабарлады.
Маалыматка ылайык, көмүр төмөнкү даректерде сатылууда:
Мурманский көчөсү, 6;
Мурманский көчөсү, 4а/2;
Алыкулов көчөсү, 6;
Алма-Ата көчөсү (айланма жолдо);
Кара-Жыгач конушу;
Ак-Босого конушу.
Бул кампаларда Кара-Кеченин кесек көмүрү сатылып жатканы кошумчаланды.
Кыргыз көмүр мамлекеттик ишканасынын директору Мирлан Жакыпов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.08.2022
Радио
Жакыпов: Бишкекте көмүрдүн баасы 4 000 сомдон ашпашы керек
Жаңылыктар түрмөгү
0