00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
10:00
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:00
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Всегда актуальные ценности или почему важно перечитывать произведения Ч. Айтматова?
08:05
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Кыргызстан 2025-жылы ЖККУга төрагалык кылат — кандай артыкчылык болот?
09:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Максимальный репост
ОСАГО и страхование имущества: что нужно знать каждому кыргызстанцу?
10:04
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Мүмкүнчүлүгү чектелгендердин XXIV шаардык фестивалы таланттуу балдарга стимул береби?
11:04
29 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
“Менин шаарым” мобилдик тиркемесин шаардыктар активдүү колдонууда — жаңы жылда жаңы кызмат ишке киреби?
11:34
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Безбилетный проезд в Бишкеке: штрафы и рейды от мэрии
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Сүйменкул Чокморовдун чыгармачылыгы
13:04
25 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
1924-жылы Кыргыз элинин мамлекеттүлүгүнүн кайра калыбына келиши
13:31
24 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Садыр Жапаров айлыгы көтөрүлгөн мамлекеттик кызматкерлерге кайрылды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын президенти Садыр Жапаров
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.08.2022
Жазылуу
Өлкөдө 1-августтан тарта мамлекеттик кызматкерлердин айлыгы жогорулаган. Бул боюнча президент аларга кайрылуу жасап, өлкөнү өргө сүрөөгө чакырды.
БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров айлыгы көтөрүлгөн мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге соцтармактагы баракчасы аркылуу кайрылуу жасады.
Текстин өзгөртпөстөн беребиз:
Урматтуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер!
Эки күн мурун кол койгон "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчылары менен муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" жарлыгым сиздер үчүн кубанычтуу жаңылык болуп калды деп ойлойм.
Буга чейин "мамлекеттик кызматтын сапаты төмөн болуп кетти, аброю түшүп калды" деген кептер эл арасында көп айтыла баштаганы жашыруун деле болбой калган. Анын негизги себептеринин бири дал ушул эмгек акы маселесине барып такалчу. Мына эми жалпыбыздын аракетибиз менен "Кумтөр" сыяктуу ири кендерибизди өз колубузга алып, мамлекеттин кызыкчылыгына буруп, бажы, салык төлөмдөрүнө көзөмөлдү күчөтүү сыяктуу өлкө казынасын толтуруу боюнча аракеттерибиздин жемишин көрө баштадык. Анын аркасында буга чейин маданият, медицина, билим берүү чөйрөлөрүндө эмгектенгендердин, ошондой эле мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлердин маяналарын кыйла көтөрүүгө жетиштик. Эми мамлекеттик кызматтын сапаты, аброю, кадыр-баркы дал ушул мамлекеттик кызматкерлердин иштеп тапкан айлык акысына байланыштуу болбош керек.
Маянанын көтөрүлүшү мамлекеттик кызматкерлердин демине дем, күчүнө күч кошуп, иштин илгерилешине чоң жөлөк болот, түрткү берет деп ойлойм.
Кол коюлган Жарлыктын негизги максаты мамлекеттик жарандык кызматчылар менен муниципалдык кызматчылардын ишинин натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү, ошондой эле жогорку квалификациялуу кадрларды тартуу жана мамлекеттик башкаруу тармагында коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу болгондугу бекер жерден белгиленген жок.
Эми, Кудай буюрса, ар бир мамлекеттик кызматкер ар күнү ишине бара жатканда "бүгүн мен мамлекетиме кандай пайда алып келем" деген жигердүү дем менен келиши зарыл. Ар бир мамлекеттик кызматкер сөз жүзүндө эмес, иш жүзүндө өз мекенинин патриоту, атуулу болушу кажет. Чыныгы атуулдук касиет ар бир кызматкер өзүнө тагылган милдетин абийирдүүлүк менен так аткарганда билинет.
Урматтуу мамлекеттик кызматкерлер!
Мындан ары ишиңерге жаңы күч, жаңы көз караш менен мамиле кылып, өнүгүү мүмкүнчүлүгү мол болгон өлкөбүздү өргө сүрөөгө, мамлекетибизди өнүктүрүүгө, элибиздин жаркын келечегин түзүүгө батыл киришели!
Сом купюралары. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.08.2022
Мамлекеттик кызматкерлердин айлыгы канчага көбөйдү. Тизме
Жаңылыктар түрмөгү
0