Мамлекеттик кызматкерлердин айлыгы канчага көбөйдү. Тизме

© Sputnik / Жоомарт УраимовСом купюралары. Иллюстративдик сүрөт
Сом купюралары. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.08.2022
Жазылуу
Президенттин администрациясы айлык акы канчага көбөйөрүн мисал менен көрсөтүп берди.
БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров мамлекеттик кызматкерлердин айлыгын 1-августтан тарта көбөйтүү боюнча жарлыкка кол койду.
Тийиштүү жарлыктын максаты мамлекеттик кызматтагыларга стимул берүү жана иштин сапатын арттыруу болуп саналат. Мындан тышкары, жогорку квалификациялуу адистерди тартууга жана коррупция коркунучун төмөндөтүүгө багытталган.
Президенттин администрациясы айлык акы канчага көбөйөрүн мисал менен көрсөтүп берди:
Министрликтин бөлүм башчысы социалдык төлөмдөр менен салыктарды эске алганда 34 445 сом алып келсе, эми 67 749 сом ала баштайт. Өсүш орто эсеп менен алганда 197,7 пайызды түзөт. Министрликтердеги алдыңкы адистердин айлыгы буга чейин 21 098 сом болсо, эми 49 012 сомду түзөт. Өсүш 232,3 пайызды түзөт;
Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын бөлүм башчысы 22 170 сом алып келсе, эми 41 319 сом ала баштайт. Өсүш 186,4 пайызды түзөт. Жетектөөчү адис 18 213,4 сом алып келсе, эми айлыгы 35 940 сомду түзөт. Өсүш - 197,3 пайыз;
Аймактык бөлүмдүн бөлүм башчысы 17 637, 5 сом алып келсе, эми 38 830 сом ала баштайт. Өсүш – 220, 2 пайыз. Аймактык бөлүмдүн жетектөөчү адиси 14 442,4 сом алып келсе, эми 32 110 сом ала баштайт. Өсүш – 222,3 пайыз;
Мэриянын бөлүм башчысы 16 881,3 сом алып келсе, эми 39 785 сом ала баштайт. Өсүш – 235,7 пайыз. Мэриянын жетектөөчү адиси 13 813,2 сом алып келсе, эми 34 708 сом ала баштайт. Өсүш - 251,3 пайыз;
Айыл өкмөттүн бөлүм башчысы 16 125 сом алып келсе, эми 33 851 сом ала баштайт. Өсүш – 209,9 пайыз. Жетектөөчү адис 13 184 сом алып келсе, эми 27 706 сомдон ала баштайт. Өсүш - 210,1 пайыз.
Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасы Мирлан Бакиров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.07.2022
Пресс-борбор
Мамлекеттик ишканалардын жетекчилеринин айлыгы KPI көрсөткүчүнөн көз каранды болот
Жаңылыктар түрмөгү
0