Апта ичи Баткен облусунда аба ырайы кандай болору айтылды

© Sputnik / Эмиль СадыровБаткен районундагы суу сактагыч. Архив
Баткен районундагы суу сактагыч. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.08.2022
Жазылуу
2-августтан тарта күн ачылып, абанын температурасы 32...37 градуска чейин жетет.
БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Баткен облусунда айрым гана күндөрү жамгыр жаабаса, апта ичи күн жылуу болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет агенттиги кабарлады.
Билдирмеге караганда, 1-августта облустун кээ бир жерлерине жаан жаайт. 2-августтан тарта күн ачылып, абанын температурасы 32...37 градуска чейин жетет.
3-4-5-августта тоо этектеринде өткүн өтүшү күтүлүүдө. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши мүмкүн.
Талас шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.08.2022
Кыргызгидромет 6-августка чейин Таласта аба ырайы кандай болорун айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0