31-июлга карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековТоого жаап жаткан жамгыр. Архив
Тоого жаап жаткан жамгыр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.07.2022
Жазылуу
Кыргызстанда эртең, тагыраагы, июлдун акыркы күнү эң ысык болгон жерлерде термометр 33 градусту көрсөтөт.
БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Жекшембиде өлкө аймагында өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +27...+32, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +28...+33, Талас жергесинде +25...+30, Ысык-Көлдө жана Нарында +23...+28 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +30...+32, Ошто +31...+33 жана Чолпон-Ата шаарында +23...+25 градуска жетет.
Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери жергиликтүү тургундун үйүнөн Кызыл китепке кирген кара кушту табышкан - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.07.2022
Ысык-Көл: жергиликтүү тургундун үйүнөн Кызыл китепке кирген куш табылды. Сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0