29-июлга карата аба ырайы

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүКишилер жаан учурунда. Архив
Кишилер жаан учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.07.2022
Жазылуу
29-31-июлда температуранын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт.
БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Жума күнү күндүз Чүй, Баткен, Нарын өрөөнүнүн кээ бир аймактарында, Талас, Ош облусунун тоолуу райондорунда, Ысык-Көл жергесинин көпчүлүк аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +30...+35, Талас жергесинде +26...+31, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +31...+36, Ысык-Көл менен Нарын аймагында +25...+30 градус болот.
Бишкекти күндүн биринчи жарымында ала булут каптап, кечке маал, ал эми Чолпон-Атада күндүз мезгил-мезгили менен өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +33...+35, Ош калаасында +34...+36, ал эми Чолпон Атада +26...+28 градуска жетет.
Жамгыр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.07.2022
Нөшөрлүү жаандан сел жүрүшү мүмкүн. Кыргызгидрометтин шашылыш билдирүүсү
Жаңылыктар түрмөгү
0