00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
5 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:06
54 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Ысык-Көлдү жана Кыргызстандын көлдөрүн мыйзамсыз балык торлорунан жана желим таштандылардан арылтуу
09:04
37 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Рост товарооборота и новые инвестиционные проекты — беседа с торговым представителем РФ в КР
10:04
24 мин
Тема дня
Как дефицит воды меняет сельское хозяйство Кыргызстана
10:31
22 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кафе-ресторандарда тейлөө акысын алууга тыюу салуу күчүнө кирди — иш кандай жүрүп жатат?
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Замена водительских прав - что важно знать сейчас
12:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Окуучу менен мугалимдин мамилеси. Көйгөй эмнеден жаралууда? Эксперт менен маек
13:05
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Чингисхан был кыргызом? Что говорит история и наука - беседа с академиком
14:04
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Россиянын жана башка уюмдардын жардамы менен уран калдыктары коопсуздандырылууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Параплавание: спорт, который учит верить в себя
16:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Итоги ОРТ 2025 года и как с годами меняется тест
18:07
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Кошок жанры алтайлыктарда “сыгыт ырлары” деп аталат
19:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
«Манты за 700 сомов». Отмена % за обслуживание в кафе спровоцировала чрезмерный рост цен
20:06
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Россиянын жана башка уюмдардын жардамы менен уран калдыктары коопсуздандырылууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жапаров Көлдө түрк тилдүү өлкөлөрдүн атайын кызматтарынын башчыларын кабыл алды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров бүгүн, 26-июлда, Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Түрк тилдүү мамлекеттердин атайын кызматтарынын 24-конференциясынын (ТҮРКОН) делегациясынын башчыларын кабыл алды
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 26-июлда, Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Түрк тилдүү мамлекеттердин атайын кызматтарынын 24-конференциясынын (ТҮРКОН) делегациясынын башчыларын кабыл алды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.07.2022
Жазылуу
Президент жаңы заман көйгөйлөрдү чечүүдө, коркунучтарды жоюуда жаңы мамилени талап кыларына токтолгон.
БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 26-июлда, Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Түрк тилдүү мамлекеттердин атайын кызматтарынын 24-конференциясынын (ТҮРКОН) делегациясынын башчыларын кабыл алды. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Жапаров Улуттук коопсуздук кызматтарынын жетекчилери менен жолугушууда көп кылымдык ынак коңшулаштык тажрыйба жана өлкөлөр менен элдердин жемиштүү кызматташуусу ТҮРКОНдун алкагында өз ара алаканы чыңдоого негиз болоруна токтолгон. Андан сырткары, конференция 24 жылдан бери коопсуздук чөйрөсүндө кызматташуунун жана профессионалдык көйгөйлөрдүн кеңири спектрин талкуулоонун, тажрыйба алмашуунун, коопсуздук жаатында кызматташуунун эң натыйжалуу моделдерин иштеп чыгуу үчүн зарыл аянтча болуп калганын белгилеген.
"Бүгүнкү күндө Жакынкы Чыгышта жана Афганистанда айрым мамлекеттердин бүтүндүгүнө коркунуч туудурган жана бул аймактардын чектеринен да алыска жайылып кетүү коркунучу бар масштабга жеткен террордук аракеттердин күчөшү биздин кызматтардан өзгөчө көңүл бурууну талап кылат. Бул коркунучтарга жана чакырыктарга каршы күрөштө ырааттуу жана системалуу иш, биргелешкен жана координацияланган күч-аракеттер аркылуу гана олуттуу натыйжаларга жетишүүгө болору ырас", — деген Жапаров.
Ал жаңы заман көйгөйлөрдү чечүүдө, коркунучтарды жоюуда жаңы мамилени талап кыларына токтолгон.

"Ушуга байланыштуу бул аянтчанын мазмундуу жана конструктивдүү талкуулары түрк тилдүү мейкиндикте коопсуздукту камсыздоого олуттуу салым кошот деп ишенем. Ошол эле учурда конференцияга катышкан мамлекеттердин атайын кызматтарынын өз ара тыгыз кызматташуусу биздин өлкөлөрдөгү коопсуздукту бекемдеп, эл аралык террорчулукка, экстремизмге жана башка глобалдык көйгөйлөргө каршы натыйжалуу күрөшкө көмөктөшөт", — деген президент.

Жапаров кыргыз тарап боордош түрк тилдүү элдер менен бул баалуулуктардын негизинде жемиштүү иш алып барууга даяр экенин билдирген.
Маалымат үчүн: 1998-жылдын 20-майында Стамбул шаарында Азербайжан, Казакстан Кыргызстан жана Түркиянын Республикасынын атайын кызматтары Түрк тилдүү мамлекеттердин атайын кызматтарынын конференциясын түзүү жөнүндө протоколго кол коюшкан (ТҮРКОН). 2018-жылдан тарта бул уюмга Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматы мүчө болгон.
Жолугушууга Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, Азербайжандын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын башчысы Али Наги оглы Нагиев, Азербайжандын Тышкы чалгындоо кызматынын жетекчисинин орун басары Самир Вугар оглу Исмайлов, Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Ермек Сагимбаев, Түркиянын Улуттук чалгындоо уюмунун директору Хакан Фидан жана Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын төрагасы Абдусалом Азизов катышкан.
Бүгүн, 21-июлда Кыргызстандын Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын Төртүнчү консультативдик жолугушуусу өттү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.07.2022
Чолпон-Ата сапары. Борбор Азия президенттеринин жолугушуусунун видеосу
Жаңылыктар түрмөгү
0