Кызматкерлердин айлыгын ыйгарып алууга шектелип "Кадастрдын" жетекчиси кармалды

© Фото / пресс-служба ГКНБАйыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин жетекчиси
Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын Кадастр мамлекеттик мекемесинин жетекчиси - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.07.2022
Жазылуу
Ал кызматкерлеринин эмгек акысынан 3 000- 6 000 сомдон кармап алып турган коррупциялык схема түзгөн деп шектелүүдө.
БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин жетекчиси кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
"Мекеменин жетекчиси "Кадастрдын" кызматкерлеринин эмгек акысынан 3 000- 6 000 сомдон мыйзамсыз кармап алып турган коррупциялык схема түзгөн деп шектелүүдө", — деп айтылат маалыматта.
Аталган фактынын негизинде "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин директору С.Э.К. Кылмыш-процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык, УКМКнын тергөө абагына камалган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Кыйылган карагайлар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.07.2022
Чаткалда токойду кыйып сатышкан. УКМК жетекчилердин бирин кармады
Жаңылыктар түрмөгү
0