Казакстандын Башкы прокуратурасы музыкант Викрам Рузахуновду Алматыга чакырды

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов
Кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.07.2022
Жазылуу
Көзөмөл органы музыканттын коопсуздугун камсыздоону убадалоо менен бир нече ирет чакырганын билдирди.
БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Казакстандын Башкы прокуратурасы кыргызстандык музыкант Викрам Рузахуновду Казакстанга келтирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу Tengrinews.kz көзөмөл органына шилтеме берип жазды.
10-февралдан бери Алматы облусу боюнча коррупцияга каршы депратаменти Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин 146-беренеси боюнча ("Топ адамдар жасаган кыйноо") аты-жөнү тактала элек тартип сакчыларга карата сотко чейинки иликтөө жүргүзүүдө.
"Иш боюнча Алматы шаары менен облусунун полиция департаментинин кызматкерлери, Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматынын жана медицина кызматынын өкүлдөрү суракка алынган. Алып келинген жарандар каттоо журналына кирбей калгандыктан жана видеожазуулардын жоктугуна байланыштуу шектүүлөрдү аныктоого мүмкүн болбой жатат. Анын үстүнө ишке тартылган тартип сакчылардын бардыгы бет кап кийип жүргөн", - деди Башкы прокуратура.
Полициянын облустук департаментинен билдиришкендей, "Январь окуяларында" тартылган кызматкерлердин бардыгы суралды.
"Тийиштүү тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Рузахунов бир нече ирет чакыртылган. Учурда анын коопсуздугун камсыздоо менен Казакстанга алып келүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат", - деди Башкы прокуратура.
Сотко чейинки тергөө амалдары Алматы облустук прокуратурасынын көзөмөлүндө турат.

Кыргызстандык музыканттын кармалышы

Казакстандын Qazaqstan мамлекеттик телеканалы 9-январда митингдерге катышуу үчүн Кыргызстандан барды делген жарандын сурак берип жаткан видеосун жарыялаган. Ал белгисиз адамдар митингдерге катышуу үчүн 90 миң теңге сунуштап чакырып, самолётко билетин алып берип батирге жайгаштырганын билдирген.
Көп өтпөй Кыргызстандын ИИМи аталган жаран музыкант Викрам Рузахунов экенин аныктап, анын Алматыга концерт койгону барганын маалымдаган.
Ошол эле учурда кыргызстандыктар музыкантты террорчу катары көрсөткөнүнө нааразы болуп, аны бошотуу талабы менен Казакстандын Бишкектеги элчилигинин алдына митингге чыккан. Алар менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жолугуп, мекендештин укугу корголорун убадалаган.
Кийинчерээк ТИМ Рузахуновду бошотуу талабы менен Казакстанга нота тапшырган.
Андан кийин Казакстандын мамлекеттик телеканалдары Рузахуновго байланышкан видеолорун өчүргөн.
Ал арада Юстиция министрлиги кыргыз жаранынын кыйноого кабылганын болжоп, Казакстандын күч түзүмдөрүнө кылмыш ишин козгоону Башкы прокуратурага демилгелеген.
Джаз-музыкант Викрам Рузахунов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.07.2022
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Башкы прокуратура Викрам Рузахуновдун иши боюнча материалды Казакстанга жөнөтөт
Жаңылыктар түрмөгү
0