https://sputnik.kg/20220723/krym-ukraina-taraptyn-akyrky-blokadasyn-uzdu-1066277372.html
Крым Украина тараптын акыркы блокадасын үзгөндүгүн билдирди
Крым Украина тараптын акыркы блокадасын үзгөндүгүн билдирди
Sputnik Кыргызстан
Крым суу, азык-түлүк, транспорт жана энергетикалык блокаданы жеңип чыкты деп билдирди республика жетекчисинин кеңешчиси. 23.07.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-07-23T14:18+0600
2022-07-23T14:18+0600
2022-07-23T14:19+0600
дүйнөдө
крым
россия
херсон облусу
запорожье облусу
электр кубаты
россиянын донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
https://sputnik.kg/img/07e6/07/17/1066274521_0:160:3077:1890_1920x0_80_0_0_3f57f254232a7c852c30f4acf5e52593.jpg
БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Херсон облусундагы талкаланган электр тирөөчтөрдүн калыбына келтирилиши Киевдин Крымга койгон акыркы блокадасын жок болушуна жол ачты. Бул маалыматты республика жетекчисинин маалымат саясаты боюнча кеңешчиси Олег Крючков билдиргенин РИА Новости жазды.Кечээ энергетика министри Николай Шульгинов Россия менен Херсон, Запорожье облустарын байланыштырып турган электр кубатын жеткирип туруучу эки линияны кайрадан калыбына келтирген иш-чарага катышып, алардын иштеп баштаганын жарыя кылды. Бул жабдуулардын кубаттуулугу 600 мегаваттка жакын. Эми аталган облустар Украина тарап өчүрүп салса да электр энергиясыз калбай турганы маалым болду.Крым 2015-жылы 22-ноябрда толугу менен электр кубатынан ажыраган. Украиналык радикалдар чек арадагы, Херсон облусунун аймагындагы электр тирөөчтөрдү жардырып жиберишкен. Мындан улам Украина тараптан келген электр энергиясы менен иштеген төрт ЛЭП иштен чыккан. Крымга өзгөчө кырдаал абалы киргизилип, электр кубаты авариялык түрдө өчүрүлүп турган график түзүлгөн. Кырдаал Краснодар аймагындагы электр көпүрөсүнүн ишке кириши менен акырындап калыбына келе баштаган. Кийинчерээк эки жаңы ТЭС курулган. Жарым арал ошентип Украинанын электр энергиясына көз каранды болбой калган.
https://sputnik.kg/20220723/ukraina-rossiyaga-koz-karashy-tuz-zharan-uurdoo-1066276652.html
крым
херсон облусу
запорожье облусу
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/07/17/1066274521_172:0:2903:2048_1920x0_80_0_0_ceb261c4a0d21a11544b104f1eb2f40a.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, крым, россия, херсон облусу, запорожье облусу, электр кубаты
дүйнөдө, крым, россия, херсон облусу, запорожье облусу, электр кубаты
Крым Украина тараптын акыркы блокадасын үзгөндүгүн билдирди
14:18 23.07.2022 (Жаңыртылды: 14:19 23.07.2022) Крым суу, азык-түлүк, транспорт жана энергетикалык блокаданы жеңип чыкты деп билдирди республика жетекчисинин кеңешчиси.
БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Херсон облусундагы талкаланган электр тирөөчтөрдүн калыбына келтирилиши Киевдин Крымга койгон акыркы блокадасын жок болушуна жол ачты. Бул маалыматты республика жетекчисинин маалымат саясаты боюнча кеңешчиси Олег Крючков билдиргенин
РИА Новости жазды.
"Биздин армиянын атайын операциясы жана федералдык министрликтердин ишинин жыйынтыгында Крым Киев режими койгон суу, азык-түлүк, транспорт жана эң башкысы — энергетикалык блокаданы жеңди. Крым сууну тосмосу жок кылынган Түндүк-Крым каналынан алууда. Херсон, Запорожье облустарында соода жана транспорт байланыштары калыбына келтирилди. Энергосистема шакекче түрүндө иштей баштады. Баары өз нугуна кайтып келүүдө", — деген ал.
Кечээ энергетика министри Николай Шульгинов Россия менен Херсон, Запорожье облустарын байланыштырып турган электр кубатын жеткирип туруучу эки линияны кайрадан калыбына келтирген иш-чарага катышып, алардын иштеп баштаганын жарыя кылды. Бул жабдуулардын кубаттуулугу 600 мегаваттка жакын. Эми аталган облустар Украина тарап өчүрүп салса да электр энергиясыз калбай турганы маалым болду.
Крым 2015-жылы 22-ноябрда толугу менен электр кубатынан ажыраган. Украиналык радикалдар чек арадагы, Херсон облусунун аймагындагы электр тирөөчтөрдү жардырып жиберишкен. Мындан улам Украина тараптан келген электр энергиясы менен иштеген төрт ЛЭП иштен чыккан. Крымга өзгөчө кырдаал абалы киргизилип, электр кубаты авариялык түрдө өчүрүлүп турган график түзүлгөн. Кырдаал Краснодар аймагындагы электр көпүрөсүнүн ишке кириши менен акырындап калыбына келе баштаган. Кийинчерээк эки жаңы ТЭС курулган. Жарым арал ошентип Украинанын электр энергиясына көз каранды болбой калган.