Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Келебаев: колледжге документтерди онлайн кабыл алуу үч тур менен өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековДиректор Бишкекского технического колледжа Касымбек Келебаев
Директор Бишкекского технического колледжа Касымбек Келебаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.07.2022
Жазылуу
Бишкек техникалык колледжинин директору, техника илимдеринин кандидаты Касымбек Келебаев медицина, дене тарбия жана спорт, маданият жана искусство адистиктерине тапшыргандар үчүн кошумча кирүү экзамендери болорун айтты.
Кыргызстандагы колледждер абитуриенттерди кирүү экзамендеринин жыйынтыгы боюнча же аттестатта көрсөтүлгөн баа боюнча кабыл алат. Башкача айтканда, колледжге кабыл алуу үчүн ЖРТнын жыйынтыгы талап кылынбайт. Абитуриенттердин документтерин электрондук түрдө кабыл алуу "Абитуриент Онлайн" автоматташтырылган маалыматтык тутумунда жүргүзүлөт. Бул тууралуу Касымбек Келебаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Келебаев: колледжге документтерди онлайн кабыл алуу үч тур менен өтөт
Анын айтымында, Кыргызстанда жалпы 150дөн ашык орто кесиптик билим берүү жайы бар.
"Кыргызстанда орто кесиптик окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алуу башталды. Өнөктүк үч тур менен өтөт. Документтерди онлайн каттоонун биринчи туру 12-июлдан 18-июлга чейин, ал эми 19-20-июль күндөрү бирдей балл алган абитуриенттер үчүн өткөрүлөт. Ошондой эле медицина, дене тарбия жана спорт, маданият жана искусство адистиктерине тапшыргандар үчүн кошумча кирүү экзамендери өтөт. Окууга кабыл алынган абитуриенттердин тизмеси 22-июлда белгилүү болот. 23-июлдан 26-июлга чейин абитуриенттер окуй турганын ырасташы керек. Документтерди онлайн каттоонун экинчи туру 27-июлдан 3-августка чейин уланат, ал эми кирүү сынактары 4-5-августта өтөт. Анын жыйынтыгы боюнча абитуриенттердин тизмеси 8-августта белгилүү болот да, 9-11-августка чейин талапкерлер окуй турганын ырасташы зарыл. Каттоонун 3-туру 12-августтан 19-августка чейин, ал эми кирүү сынактары 20-22-августта болот. 24-августта кабыл алынган абитуриенттердин аты-жөнү белгилүү болот. 25-августтан 27-августка чейин алар колледжге тапшыруу каалоосун ырасташы керек. Кирүү сынактары вебкамералардын жардамы менен онлайн өтөт. Ал эми техникалык мүмкүнчүлүгү жок окуу жайлар тест менен кабыл алышы мүмкүн", — деди Келебаев.
Ал быйыл Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу менен Кыргызстандагы 27 окуу жай 2 301 бюджеттик орун бөлгөнүн кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0