Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны күндөн-күнгө көбөйүүдө

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүОоруканада бейтап менен медик. Архив
Ооруканада бейтап менен медик. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.07.2022
Жазылуу
Эки күн мурда илдет 28 адамдан табылса, кечээ 39 кишиден аныкталган.
БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. 14-июлга карата Кыргызстанда коронавирустун жаңы 47 учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Билдирмеге караганда, коронавирус аныкталгандардын ичинен 40ы оорунун белгилери пайда болгондуктан кайрылса, жетөөнөн ПЦР-тест тапшырууда аныкталган.
"Илдет илештиргендердин бири ооруканага жаткырылып, 46сы медициналык жардамды амбулатордук шартта алууда", — деп айтылат маалыматта.
Пандемия башталгандан бери өлкөдө жалпысынан 201 329 адамдан коронавирус аныкталган.
Медайым ПЦР тести үчүн пациенттен мазок алып жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.07.2022
Кыргызстанда бүгүндөн тарта COVID-19га ПЦР-тест арзандады
Жаңылыктар түрмөгү
0