Кыргызстанда бир суткада дагы 28 адамдан COVID аныкталды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевБишкектеги ооруканада COVID менен бейтап жана медик. Архив
Бишкектеги ооруканада COVID менен бейтап жана медик. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.07.2022
Жазылуу
Оору жуктургандардын ичинен алтоо коронавируска каршы эки ирет эмделген.
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда COVID-19дун жаңы 28 учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Билдирмеге караганда, илдет илештиргендердин арасынан 20сы оорунун белгилери пайда болгондо кайрылышса, алтоонон вирус өлкөдөн сыртка учарда ПЦР-тест тапшырганда аныкталган. Экөө Өзбекстан жана Казакстандан келгендер.
"Оору жуктургандардын ичинен алтоо коронавируска каршы эки ирет эмделген. Эки бейтап ооруканага жаткырылса, 20сы амбулатордук дарыланууда", — деп айтылат маалыматта.
Пандемия башталгандан бери өлкөдө жалпысынан 201 243 адамдан коронавирус табылган.
ПЦР-тест тапшыруу. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.07.2022
Республикалык штаб ПЦР-тест тууралуу маанилүү маалымат таратты
Жаңылыктар түрмөгү
0