Кыргызстанда этил спиртине 100 %дык мамлекеттик монополия киргизилет

© Sputnik / Варвара Гертье / Медиабанкка өтүүАрак өндүрүшү. Архив
Арак өндүрүшү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.07.2022
Жазылуу
"Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасына этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, сатууга эксклюзивдүү укук берилет.
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Кыргызстанда этил спиртин өндүрүүгө, сактоого жана сатууга жүз пайыз мамлекеттик монополия киргизилет. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Максаты натыйжалуу мамлекеттик жөнгө салууну камсыз кылуу, аткезчилик жол менен ташып келүүгө жана контрафактылык продукцияны өндүрүү үчүн пайдаланууга бөгөт коюу, салыктык төлөмдөрдүн толук түшүүсүн камсыз кылуу, калктын саламаттыгын коргоо болуп саналат.
Кыргызстандын Конституциясынын 66 жана 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылынат:
Кыргызстандын аймагында 2022-жылдын 1-сентябрынан тартып этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, сактоого жана сатууга жүз пайыз мамлекеттик монополия киргизилсин;
"Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасына этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, Кыргызстанда өндүрүлгөн жана импорттолгон этил спиртин сатууга эксклюзивдүү укук берилсин;
Этил спиртин колдонгон чарба жүргүзүүчү субъектилер эки жумалык мөөнөттө "Кара-Балта спирт заводуна" этил спиртин берүүгө жана сатууга колдонуудагы келишимдерди макулдашуу үчүн берсин;
Министрлер кабинетине караштуу Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик агенттик (мындан ары — Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик агенттик) түзүлсүн;
Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик агенттиктин негизги милдети этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, сактоого жана сатууга мамлекеттик монополияны жүзөгө ашыруу, этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жана көзөмөлдөө.
Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик агенттикке төмөнкү функциялар жүктөлсүн:
этил спиртин, алкоголдук жана спиртти камтыган продукцияны өндүрүү, импорттоо, сактоо жана жүгүртүү чөйрөсүндөгү бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
этил спиртин, алкоголдук жана спиртти камтыган продукцияны өндүрүүнү, жүгүртүүнү, импорттоону жана экспорттоону лицензиялоо;
этил спиртинин жана алкоголдук продукциянын импортун квоталоо;
этил спиртин, алкоголдук жана спиртти камтыган продукцияны өндүрүүгө, жүгүртүүгө, алардын сапатына жана коопсуздугуна мамлекеттик көзөмөлдү уюштуруу жана жүзөгө ашыруу;
этил спиртин, алкоголдук жана спиртти камтыган продукцияны өндүрүү, жүгүртүү, импорттоо жана экспорттоо жаатында мамлекеттик эсепке алууну жана отчёттуулукту уюштуруу жана жүзөгө ашыруу;
этил спиртин, алкоголдук жана спиртти камтыган продукцияны өндүрүү, импорттоо, сактоо жана жүгүртүү чөйрөсүндөгү мыйзамдардын жана лицензиялык талаптарда, техникалык регламенттерде каралган шарттардын сакталышын көзөмөлдөө;
этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтыган продукцияны өндүрүүнү же жүгүртүүнү жүзөгө ашыруучу чарбакер субъектилерге Кыргызстандын мыйзамдарында белгиленген тартипте текшерүүлөрдү жүргүзүү;
этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтыган продукцияны өндүрүү, сактоо, жылдыруу жана сатуу чөйрөсүндө керектөөчүлөрдүн жана ата мекендик товар өндүрүүчүлөрдүн укуктарын коргоону камсыз кылуучу чаралардын комплексин жүзөгө ашыруу.
Сыра ичкен киши. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.06.2022
Диетолог: спирт ичимдиги адамды бат семиртет
Жаңылыктар түрмөгү
0