https://sputnik.kg/20220708/akylbek-zhaparov-kkm-ishker-salykchy-1065927788.html
Акылбек Жапаров: орой мамиле жасап, эреже бузган салыкчылар иштен бошотулат
Акылбек Жапаров: орой мамиле жасап, эреже бузган салыкчылар иштен бошотулат
Sputnik Кыргызстан
Өкмөт башчы салыкчылардын мыйзамсыз аракеттерин маалымдап туруу үчүн WhatsАpp тайпа түзүп, ал жакка аны кошуп коюуну сунуштаган. 08.07.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-07-08T12:39+0600
2022-07-08T12:39+0600
2022-07-08T12:39+0600
кыргызстан
экономика
акылбек жапаров
ккм
салык
https://sputnik.kg/img/07e6/07/08/1065926030_0:317:3077:2048_1920x0_80_0_0_5e6f5836405d3ea64b4d5276fde2f53b.jpg
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ишкерлерди коркутуп, аларга орой мамиле жасаган, эреже бузган Салык кызматынын өкүлдөрү иштен бошотуларын убадалады.Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, Жапаров ККМ киргизүү боюнча чакан жана орто бизнестин өкүлдөрүн колдоо максатында түзүлгөн жумушчу топ менен жыйын өткөргөн.Жапаров жумушчу топтун алкагында башталган ишти улантуу керектигин белгилеген."Мага силердин жардамыңар керек. Салык кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерин айтып тургула. Ал үчүн WhatАpp тайпа түзүп, ага мени кошуп койсоңор болот. Кыйын кырдаалдан чыгууга жардам берген ар бириңиздерге ыраазымын жана баалайм", — деген өкмөт башчы.Буга чейин айрым ишкерлер жана соодагерлер ККМге каршы митингге уюштуруп, алардын алдына чыгып сүйлөгөн Акылбек Жапаров бир пикирге келүү үчүн жумушчу топ түзгөн.
https://sputnik.kg/20220628/kkm-salyk-bosogo-16-mln-somgo-kotorulot-1065627273.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/07/08/1065926030_346:0:3077:2048_1920x0_80_0_0_267ba50077b3e4e0d67cfbe54cac0d18.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, экономика, акылбек жапаров, ккм, салык
кыргызстан, экономика, акылбек жапаров, ккм, салык
Акылбек Жапаров: орой мамиле жасап, эреже бузган салыкчылар иштен бошотулат
Өкмөт башчы салыкчылардын мыйзамсыз аракеттерин маалымдап туруу үчүн WhatsАpp тайпа түзүп, ал жакка аны кошуп коюуну сунуштаган.
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ишкерлерди коркутуп, аларга орой мамиле жасаган, эреже бузган Салык кызматынын өкүлдөрү иштен бошотуларын убадалады.
Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, Жапаров ККМ киргизүү боюнча чакан жана орто бизнестин өкүлдөрүн колдоо максатында түзүлгөн жумушчу топ менен жыйын өткөргөн.
"Биз ар бир ишкерге, анын ичинде аймактагыларга ККМ менен иштөө техникасын үйрөтүүгө даярбыз. Салык кызматкерлери менен да жолугушуу өткөрөбүз. Эгер алардын бирөө эле эреже бузуп, ишкерге орой мамиле жасап коркутса, ал кайра кызматка келбегидей иштен бошотулат", — деген ал.
Жапаров жумушчу топтун алкагында башталган ишти улантуу керектигин белгилеген.
"Мага силердин жардамыңар керек. Салык кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерин айтып тургула. Ал үчүн WhatАpp тайпа түзүп, ага мени кошуп койсоңор болот. Кыйын кырдаалдан чыгууга жардам берген ар бириңиздерге ыраазымын жана баалайм", — деген өкмөт башчы.
Буга чейин айрым ишкерлер жана соодагерлер ККМге каршы митингге уюштуруп, алардын алдына чыгып сүйлөгөн Акылбек Жапаров бир пикирге келүү үчүн
жумушчу топ түзгөн.