https://sputnik.kg/20220707/dem-alyshka-karata-aba-yrajy-1065867451.html
Жаан жаайбы? Дем алышка карата аба ырайы
Жаан жаайбы? Дем алышка карата аба ырайы
Sputnik Кыргызстан
Ысык-Көл облусунда эки күн катары менен өткүн өтүшү ыктымал. Бирок абанын температурасы 26 градуска чейин жылыйт. 07.07.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-07-07T09:22+0600
2022-07-07T09:22+0600
2022-07-07T09:22+0600
кыргызстан
кыргызгидромет
аба ырайы
божомол
https://sputnik.kg/img/103424/46/1034244690_0:0:4260:2396_1920x0_80_0_0_bde744ca235366129256a8875382f695.jpg
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Кыргызгидромет апта этегиндеги эки күнгө карата аба ырайынын божомолу тууралуу маалымат берди.Жума аягында өлкөнүн айрым жерлеринде жаан жааса, кээ бир облустарында күн ачык болору күтүлүүдө. Бишкекте жамгыр жаабайт, күндүн табы 33 градуска чейин ысыйт.Чүй, Талас облустарыЧүйдө 9-июлда күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүшү ыктымал. Дыйканчылык аймактарда жаан жаабайт. 10-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу жерлерге жамгыр себелеп кетиши мүмкүн. Абанын температурасы 31 градуска чейин ысыйт. Таласта дагы 10-июлда тоо этектеринде жаан жаашы мүмкүн. Негизинен дем алышта күн ачык болору айтылды.Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарыТүштүк аймактарда апта аягында жаан жаабайт, күндүн табы 35 градуска чейин жетип, ысык болору айтылды. Ош облусунун тоолуу жерлеринде ишембиде өткүн өтүшү ыктымал.Нарын, Ысык-Көл облустарыЫсык-Көл облусунда эки күн катары менен өткүн өтүшү божомолдонууда. Жалпысынан күн ачык болуп, абанын температурасы 26 градуска чейин ысыйт.Нарында дагы дем алыш күндөрү кээ бир аймактарга жамгыр себелеп кетиши күтүлүүдө. Абанын температурасы 25...27 градуска чейин ысыйт.
https://sputnik.kg/20220702/oftalmolog-koz-ajnek-tuuraluu-faktylar-1065745828.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/103424/46/1034244690_639:0:4236:2698_1920x0_80_0_0_c73ba55c4e991ee3551f34090f648471.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, кыргызгидромет, аба ырайы, божомол
кыргызстан, кыргызгидромет, аба ырайы, божомол
Жаан жаайбы? Дем алышка карата аба ырайы
Ысык-Көл облусунда эки күн катары менен өткүн өтүшү ыктымал. Бирок абанын температурасы 26 градуска чейин жылыйт.
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Кыргызгидромет апта этегиндеги эки күнгө карата аба ырайынын божомолу тууралуу маалымат берди.
Жума аягында өлкөнүн айрым жерлеринде жаан жааса, кээ бир облустарында күн ачык болору күтүлүүдө. Бишкекте жамгыр жаабайт, күндүн табы 33 градуска чейин ысыйт.
Чүйдө 9-июлда күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүшү ыктымал. Дыйканчылык аймактарда жаан жаабайт. 10-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу жерлерге жамгыр себелеп кетиши мүмкүн. Абанын температурасы 31 градуска чейин ысыйт. Таласта дагы 10-июлда тоо этектеринде жаан жаашы мүмкүн. Негизинен дем алышта күн ачык болору айтылды.
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары
Түштүк аймактарда апта аягында жаан жаабайт, күндүн табы 35 градуска чейин жетип, ысык болору айтылды. Ош облусунун тоолуу жерлеринде ишембиде өткүн өтүшү ыктымал.
Нарын, Ысык-Көл облустары
Ысык-Көл облусунда эки күн катары менен өткүн өтүшү божомолдонууда. Жалпысынан күн ачык болуп, абанын температурасы 26 градуска чейин ысыйт.
Нарында дагы дем алыш күндөрү кээ бир аймактарга жамгыр себелеп кетиши күтүлүүдө. Абанын температурасы 25...27 градуска чейин ысыйт.