Бишкек — Ош жолунун "Сосновка" посту кайрадан жабылды

© Sputnik / Александр ФедоровТөө-Ашуу. Архив
Төө-Ашуу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.07.2022
Жазылуу
Каттам качан жанданары белгисиз, энергетиктер жумушун бүтөрү менен жол ачылат.
БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Бишкек — Ош унаа жолунун "Сосновка" посту кайрадан жабылды. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, пост бүгүн эртең менен жабылган. Учурда Төө-Ашуудагы Кусеин Көлбаев атындагы тоннелдин жарыктандыруу системасын оңдоо үчүн энергетиктер иштеп жатат. Алар жумушун бүтөрү менен жол ачылат.
Белгилей кетсек, 5-июлда саат 15.50 чамасында Төө-Ашуудагы тоннелдин 1250 метринен өтүп бара жаткан Lexus 470 үлгүсүндөгү жолтандабас күйүп кеткен. Алдын ала маалымат боюнча, автоунаанын өрттөнүп кетүүсүнө жаңы орнотулган газ жабдуусу себеп болгон. Мындан улам Бишкек — Ош жолунда бараткан унаалар өтө албай, тоннелдин ичиндеги жарык өчүп калган. Кечээ кечинде унааны сүйрөп чыгып каттам жанданган болчу.
Бишкек — Ош жолу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.07.2022
Төө-Ашуудагы тоннелде күйгөн Lexus 470 чыгарылып, Бишкек — Ош жолу ачылды
Жаңылыктар түрмөгү
0