Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Бекиева: нитраттын нормасы жогору болгон дарбыз кыпкызыл болот

© Sputnik / Асель СыдыковаБишкек шаардык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун санитардык дарыгери Дилбар Бекиева
Бишкек шаардык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун санитардык дарыгери Дилбар Бекиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.07.2022
Жазылуу
Бишкек шаардык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун санитардык дарыгери Дилбар Бекиева коон менен дарбыздын сезону август, сентябрь айларында башталарын айтты.
Дарбыз, коондун эрте бышкан сортторун таптакыр жебей эле койгон оң. Аларда нитраттын көлөмү нормадан жогору болгондуктан уулануу коркунучу бар. Бул тууралуу Дилбар Бекиева Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Бекиева: нитраттын нормасы жогору болгон дарбыз кыпкызыл болот
Анын айтымында, жарылган, жаракасы бар дарбыз жегенге кооптуу болуп эсептелет.
"Коон менен дарбыздын сезону август, сентябрь айында башталат. Азыр адамдар эртерээк акча жасап калалы деп эле дарбызды азот менен өстүрүп, май айында эле базарга чыгарып жатат. Азот — бул нитрат. Адамдын организмине кирген нитраттар кооптуу нитриттерге айланат, ал өз кезегинде гемоглобинди кычкылтекти ташый албаган метгемоглобинди шарттайт. Натыйжада гипоксия пайда болуп, өлүмгө алып келиши мүмкүн. Коон, дарбыздан ууланып калбаш үчүн алардын эрте бышкан сортторун сатып албаш керек. Биринчиден, даамына келе элек, химиялык заттар көп болушу мүмкүн. Нитраттын нормасы жогору болгон дарбыз кыпкызыл, кызгылт көк түскө ээ болот. Мисалы, бир стакан сууга дарбыздын бөлүгүн салсаңыз эгер суу бозомтук болсо, ал табигый жол менен бышкан, таза дарбыз, ал эми суу кызарса, анда ал жемиште нитраттын нормасы жогору. Дарбыз, коонду үстү тосулган, жерден өйдө стеллаждарга коюлуп сатылган түйүндөрдөн алган оң. Ал эми жолдун четинде, унаанын жанында жыйылган дарбызды албаңыз. Анын сыртына уулуу газдар конот, ал ошол зыяндуу заттарды өзүнө сиңирип алат. Андан тышкары, көп адамдар дарбыз сатып алып жатканда аны кестирип, бышып-бышпаганын, даамын текшерип көрүшөт. Бул туура эмес. Себеби дарбыздын бетиндеги көп сандаган бактериялар ичине түшөт да, жемиштин этинде алардын көбөйүшү үчүн эң сонун шарт түзүлөт. Сатуучуда товардын ар бир партиясы кайдан, кайсы талаадан ким алып келгени тууралуу маалымат камтылган Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы тарабынан берилген документ болушу керек. Муну ар бир кардар талап кылууга укуктуу. Негизи ар бир тамак-аш саткан жерди аталган инспекция көзөмөлдөп, иш алып барат. Ар бир базарда ветеринардык лаборатория бар. Ошол жерде азык-түлүк текшерилет", — деди Бекиева.
Ал кесилген дарбыз, коонду тамак-аш пленкасына ороп, чийки тамак-ашка (эт, жумуртка) тийбей тургандай кылып муздаткычка коюу зарыл экенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0