Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

© Sputnik / Акылбек БатырбековБишкек шаары. Архив
Бишкек шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.07.2022
Жазылуу
4-июлга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Дүйшөмбүдө күндүз өлкөнүн тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Дыйканчылык аймактарда жана Талас, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүйдө +33...+38, Таласта +30...+35, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +34...+39, Ысык-Көл менен Нарын аймагында +28...+33 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +36...+38, Ош калаасында +37...+39, ал эми Чолпон Атада +28...+30 градуска жетет.
Пляжда эс алып жаткан кыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.07.2022
Жаан-чачындуу болобу? Июль айына карата аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0