Жекшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Павел Бедняков / Медиабанкка өтүүШаардагы аптаптуу ысыкта киши тепкичтен чыгып баратат. Архив
Шаардагы аптаптуу ысыкта киши тепкичтен чыгып баратат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.07.2022
Жазылуу
3-июлга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Жекшембиде республика боюнча күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +32...+37, Талас аймагында +28...+33, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде +34...+39, Ысык-Көл менен Нарын облустарында +27...+32 градус ысык болот.
Күндүн табы Бишкекте +35...+37, Ош шаарында +37...+39, Чолпон-Атада +27...+29 градуска чейин көтөрүлөт.
Көз айнекчен кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.07.2022
Окулист күндөн коргоочу көз айнек тууралуу кызыктуу фактыларды айтып берди
Жаңылыктар түрмөгү
0