Украиналык улутчулдар Приморьеде өз мамлекетин түзүүнү пландаган

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүРоссиянын Владивосток шаары. Архив
Россиянын Владивосток шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.07.2022
Жазылуу
Тергөөнүн маалыматына караганда, УУКнын негизги максаты Украинаны СССРдин курамынан чыгаруу үчүн СССРге каршы күрөшүү жана анын аймагында борбору Киев болгон улутчулдардын мамлекетин түзүү болгон.
БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. 1930-жылдары советтик бийликтен Япония ээлеп алган Манчжуриянын аймагына качкан украиналык улутчулдар азыркы Приморье крайында өз мамлекетин түзүүгө аракет жасашкан. Бул тууралуу Приморье боюнча РФ коопсуздугунун федералдык кызматынын документтеринде айтыларын РИА Новости жазды.
1945-жылдын күз айларында Кызыл Армия Маньчжуриядагы япон аскерлерин жок кылган. Советтик СМЕРШ контрчалгындоосу Алыскы Чыгыштагы украиналык улутчул кыймылдын төрт активисти Юрий Рой, Иван Шлендик, Александр Дзыгар жана Николай Самарскийди камакка алган.
Кийинки тергөөлөр Япония 1934-жылы Маньчжуриянын аймагын басып алгандан кийин ошол жерде жашаган украиналык улутчулдардын демилгеси менен, ошондой эле Харбиндеги Польшанын консулдугунун катышуусунда жана анын алдында түзүлгөн "Прометей" коомчулугу менен биргеликте антисоветтик "Украин улуттук колониясы" (УУК) деген уюм түзүлгөнүн аныктады.
Тергөөнүн маалыматына караганда, УУКтун негизги максаты Украинаны СССРдин курамынан чыгаруу үчүн СССРге каршы күрөшүү жана анын аймагында борбору Киев болгон улутчулдардын мамлекетин түзүү болгон. Мындан тышкары, советтик Приморьени мамлекеттен бөлүп туруп ал аймакта Украинанын "Зеленый клин" автономиясын түзүү аракеттери жүргөн.
УУК Петлюранын бандасынын калган мүчөлөрүнөн жана жарандык согуш жылдары советтик бийликке каршы күрөшкөн кишилерден түзүлгөн. Ройдун жетекчилиги астында 1936-1939-жылдары ал жакта пропагандалык кампания башталып, "Дальний Восток" журналы сыяктуу басылмалар аркылуу маалыматтар таркатылып турган.
Мындан тышкары, Манчжурияда антисоветтик ишмердүүлүктү активдештирүү үчүн УУК жаштардан турган "Украинская Дальневосточная Сечь" деген антисоветтик улутчул уюмду түзгөн. Бул уюм Советтик Приморьенин аймагында украиналык улутчул мамлекетти түзүү идеясын жайылткан. Ушул эле максатта 1936-1937-жылдары УУКка "Украина улутчулдарынын уюму"* берлиндик борборунун өкүлдөрү Корда-Федоров, Марков жана башкалар келип колонияда башкаруучу кызматтарды ээлешкен.
Украин улутчулдар уюму (УУУ) гитлердик Германиянын аскер чалгыны тарабынан колдоого алынып турган.
Тергөө аныктагандай, Рой УУКтун СССРге каршы саясий ишмердүүлүгүн толук жетектеген. Дзыгар 1937-жылы "Украинская Дальневосточная Сечь" антисоветтик уюмун түзүүгө катышкан. Ал эми 1944-жылы "Украинанын улутчул колониясынын" кеңешинин мүчөсү болуп шайланган. Шлендик 1935-жылы УУКка мүчө болуп, 1936-1939-жылдары анын башкаруучулугунун мүчөсү жана канцеляриянын жетекчиси, "Дальний Восток" журналынын техникалык редактору болгон.
Самарский "Украинанын улутчул колониясы" уюмуна 1934-жылдары мүчө болуп, кийинки жылы башкаруучулугунун мүчөсү болгон. 1937-жылдан тарта Ройдун жеке катчысы болуп иштеген. Ошол эле учурда гетманчылардын тобун жетектеген. 1934-жылдан тарта УУКтун аксакалдар кеңешине кирип улутчулдук ишмердүүлүгүн активдүү жүргүзгөн.
Рой, Дзыгар, Шлендик жана Самарскийдин күнөөсү далилденип, соттун чечими менен 10 жылдан лагерге кесилген. Алар саясий мотивдин негизинде мамлекеттик кылмыш кылгандыгына байланыштуу азыркы Россиянын мезгилинде реабилитацияланбай турган болгон.
* Россияда тыюу салынган экстремисттик уюм.
Мариуполдо курал кармап турган россиялык жоокер - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.06.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия БУУ жыйынында Украинадагы атайын операция кандай шартта аяктарын айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0