Ысык-Көлдөгү пансионатта массалык мушташ чыкты. Видео

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүЫсык-Көлдөгү пансионат. Архив
Ысык-Көлдөгү пансионат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.06.2022
Жазылуу
Жаштар пансионаттын коопсуздук кызматынын өкүлдөрү менен чырдаша кеткени айтылууда.
БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Социалдык тармактарга Ысык-Көл облусуна караштуу Сары-Ой айылындагы "Радуга" пансионатынын пляжында болгон массалык мушташтын видеосу тарады.
Жаштар пансионаттын коопсуздук кызматынын өкүлдөрү менен чырдаша кеткени айтылууда.
Ысык-Көл облустук ИИБ окуя болгонун тастыктап, учурда текшерүү жүрүп жатканын билдирди. Маалыматка караганда, пансионаттын пляжындагы мушташ тууралуу бүгүн саат 12:50дө кабарланган.
"Жерине тергөө ыкчам тобу менен милициянын мобилдик кезмети дароо жөнөп кеткен", — деди ведомстводон.
Милиция мушташка катышкандардын бардыгы кармалганын билдирди.
"18 адам кармалды. Алардын бирөө Жалал-Абад облусунун, үчөө Чолпон-Атанын, калгандары Сары-Ой айылынын тургундары", — деди ИИБ.
Баткен облусундагы балдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.06.2022
Эки тестиер аёосуз мушташкан видео. Баткен милициясы түшүндүрмө берди
Жаңылыктар түрмөгү
0