НАТОнун кеңейиши боюнча Түркия чечиминин артында АКШ турат

© AP Photo / JOHANNA GERONФинляндиянын, Швециянын жана НАТОнун желектери. Архив
Финляндиянын, Швециянын жана НАТОнун желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.06.2022
Жазылуу
Сенатор НАТО саммитинин алдында АКШ менен Түркия президенттери телефондон сүйлөшкөнүн эске салды.
БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. НАТО мүчөлүгү боюнча Швеция, Финляндия жана Түркия меморандумунун кол коюлушуна АКШнын реакциясы аталган кадамдын артында Америка тургандыгын көрсөтүүдө. Бул туурасында Федерация кеңешинин вице-спикери Константин Косачев өзүнүн Тelegram каналына жазган.
"Швеция, Финляндия жана Түркиянын скандинавдарга НАТОго жол ачкан меморандумунун кол коюлганын АКШ президенти Жо Байдендин кызуу куттукташы бул келишимдин артында кимдер тургандыгын көрсөттү. НАТО саммитинин алдында АКШ менен Түркия президенттери телефондон сүйлөшкөн. Ал эми Associated Press агенттигине маалымат берген Америка администрациясындагы адам бул жерде Вашингтон маанилүү ролду ойногондугун, Анкара, Хельсинки жана Стокгольм ортосундагы сүйлөшүү процесси болгондугун билдирген", — деген сенатор.
Косачевдин айтымында, алар мындай болорунан шек санаган эмес. Вашингтон үчүн бул абдан маанилүү болчу.
"НАТОнун кеңейиши жана бирдиктүүлүгүн көрсөтүү максат эле эмес, альянстын дүйнөдөн барган сайын обочолонуп бара жатканына каршы турчу бирден-бир жол болгондой. Ага кызыгып алган Эрдоган (Түркия президенти Режеп Тайип) муну сонун эле билип турду, ошондуктан адаттагыдай эле (мисалы, Европадагы качкындар боюнча абал) кырдаалды өз пайдасына бурду: финндер менен шведдерди өзүнүн талабын аткартууга мажбур кылды", — деп жазган саясатчы.
Косачев Стокгольм менен Хельсинки кечээ жакында эле "принциптеринен тайбай турганын" айтканын эске салды.
"Бирок Вашингтонго өзгөчө керек болгондо принцип деле көңүлгө алынбай калат. Азыр НАТОну кеңейткен бардык "ыктыярчы" процесстердин артында эмненин чекеси кылтыйганы түшүнүктүү болду. Алар — болуп көрбөгөндөй жасалган басым, коркутуп-үркүтүү, дүйнөдө "Американы колдоп жатышат" деген картинаны түзүү үчүн сатып алуу, эң ириде Россия "НАТО алсыз болуп бара жатат жана ичинен бүлүндү деп эсебинен жаңылганын" жасалмалап көрсөтүү", — деп белгилеген мыйзам чыгаруучу.
Түркия жана НАТО желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.06.2022
Түркия НАТОго Финляндия менен Швециянын киришин колдоду. Пикирлер
Жаңылыктар түрмөгү
0