Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

"Чоң жетилик" Путинге бойкот жарыялоого даай албады. Ой толгоо

© AP Photo / Susan WalshГерманиядагы "Чоң жетиликтин" саммитти
Германиядагы Чоң жетиликтин саммитти - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.06.2022
Жазылуу
Батыш лидерлеринин саммиттери биринин артынан бири уланууда. "Чоң жетилик" Бавариядан Мадридге — НАТОнун саммитине бет алат. Болгондо да алгач жолу толук курамда барышат.
Ал тургай атлантикалык пактка кирбеген Япониянын премьер-министрин да кошо ээрчитишет деп белгилейт серепчи Петр Акопов. Анын кезектеги ой тизмеги РИА Новости сайтына жарык көргөн.
Япониянын премьери Кисида саммитке мейман катары катышат. Бирок испаниялык борбор калаада НАТОнун доктриналык документтерине биринчи ирет Кытай тарабынан коркунуч жана чакырыктар тууралуу кошуларын эске алсак, тынчокеандык конок өзүн толук кандуу өнөктөш катары сезе алат. Эки жолугушууда тең негизинен Россия менен Путинге көңүл бурулду.
НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг альянстын ыкчам аракет этүү күчтөрү 40 миңден 300 миң кишиге чейин көбөйтүү чечимин жар салды. Мунун ичинде Чыгыш Европа, атап айтканда, Прибалтикадагы күчтөр да бар. Бул атлантисттердин Россия менен Украинада же өз аймагында да кармашууга камынып жатканыбы? Жок, алар болгону өз күчүн "көрсөтүүдө". Дегеле Эльмаудагы саммит Байден менен Шольцтун Батыштын биримдигине маашырланып, төш кагууга гана арналгандай. Алардын баамында Путин Украинадагы атайын операция "Жетиликте" жана НАТОну бириндетет деп боолгологон.
Еврокеңештин төрагасы Шарль Мишель: "Кремль Украинада жеңилиши керек" деп жазган. Андан тышкары, "G7 (Чоң жетиликтин) кебелбес бекемдиги – Украина калкы менен шериктештиктин белгиси. Акча, курал жана саясий колдоо. Баары Зеленский жана Украина үчүн билек түрүштү", – деген тейдеги ойлорун да ортого салды. Бирок мындай көз караштар да Путин менен Россияны украиналык багытта коюлган максаттарды жүзөгө ашыруудан баш тарттыра албайт.
Үч жылдан бери дидарлаша элек дүйнөлүк лидерлер бетме-бет кезиге турган G20 саммитине беш айдан азыраак убакыт калды. Алар ноябрдын ортосунда Балиде жолугушат. Көктөм келгенде эле Вашингтон менен Лондон Индонезиянын президенти Видодону россиялык лидерди чакырбоого көндүрүүгө аракет кылышкан. Бирок "Чоң жыйырмадан" эч бир өлкө чыгарылбайт деген так кесе жоопту алышты. Анткен менен Индонезия Зеленскийди саммиттин экинчи күнүнө — форумдун конокторунун жолугушуусуна чакырууга макул болгон.
Россиянын президенти Владимир Путин  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.06.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин Батыштын текеберлиги тууралуу айтты
Ага дейре Зеленский президент болуп калар-калбасын мезгил көрсөтөт. Бирок Путин барып катышат. Мындайда англосактар эмне кылышы ыктымал? Байден, Жонсон, Трюдо жана жаңы австралиялык премьер Альбанезе өз кыжырдануусун билдирип, жыйынга катышпай коюшабы?
Келбей коё алышпайт, алар ал түгүл "Чоң жетиликтеги" өз өнөктөштөрүн Путинди чакырбоо талабын колдоого көндүрө алышкан жок. Бул жазында эле белгилүү болуп калган. "Чоң жыйырманын" бир иш-чарасында россиялык министр Силуанов сүйлөп жатканда залдан АКШ, Улуу Британия, Канада жана Франциянын өкүлдөрү гана чыгып кеткен. Франциялык өкүл жеке демилгеси менен гана чыкканы айдан ачык, себеби президент Макрон "Россия менен сүйлөшүү" керектигин улам эскертип келет эмеспи.
Ушул тапта Россияга бойкот кылуу аракетинин тегерегинде оюн аяктаган өңдүү. Анткени батыш өлкөлөрү бир чечимге келип, кеч күздө Балиге бармак болушту.
Адегенде эле Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен Чоң жыйырма саммитин Владимир Путин катышканы үчүн бойкот кылууга каршы чыккан. Анын айтымында, мындай кадам бүтүндөй Чоң жыйырманын ишин үзгүлтүккө учуратат. Мекендешин канцлер Олаф Шольц колдоп, "G20 өз ролун аткарууну улантууга тийиш. Буга баары макул" деген. Ошондой эле андан Путин менен катар отурат белеңиз деген суроого: "Биз жыйынга аттанар алдында бир чечимге келебиз, анткени ал убакта дүйнөдөгү кырдаал өтө өзгөрүп кетиши мүмкүн", – деп билдирген.
Алдыдагы айларда дүйнөдөгү абал катуу өзгөрөрүндө калет жок, бирок жагдай жыл башындагыдан кыйла башкача. Алмашпаган бир нерсе бар — бул Россиянын кызыкчылыктары. Балидеги саммитке Путин көзгө илбей, теңине албай коюуга дегеле болбой турган державанын лидери катары катышат. Анын жүзүнө "оюндагыларын" айткысы келгендер Батыштын кыртышы сүйбөгөн, бирок калган дүйнөнүн көңүлүнө төп жоопту угууга даяр болгону дурус.
Россия президенти Владимир Путин жана Кытай лидери Си Цзиньпин. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.06.2022
Die Welt: РФ менен Кытай башында турган Батышка каршы коалиция күч алып барат
Жаңылыктар түрмөгү
0