"Тазалык" өз акчасына 100 таштанды челек сатып алды

© пресс-служба мэрии города Бишкек"Тазалык" муниципалдык ишканасын жаңы таштанды контейнерлери
Тазалык муниципалдык ишканасын жаңы таштанды контейнерлери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.06.2022
Жазылуу
Акыр-чикир салынчу контейнерлер жергиликтүү өндүрүштөн чыккан.
БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. "Тазалык" муниципалдык ишканасы өз каражатына 100 таштанды контейнер сатып алганын мэрия билдирди.
© пресс-служба мэрии города БишкекЗакуп новых мусорных контейнеров МП "Тазалык"
Закуп новых мусорных контейнеров МП Тазалык - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.06.2022
Мындай мүмкүнчүлүк абоненттик базанын кеңейиши менен пайда болгон. Контейнерлер жергиликтүү өндүрүштөн чыккан.
Бул челектерди эскилиги жеткен контейнерлердин ордуна коюу пландалууда. Ал эми колдонууга мүмкүн болгондорун оңдоп-түзөө маселеси да каралмакчы.
"Контейнерлерди жылдырууга, ичиндеги таштандыны өрттөөгө, курулуш материалдарын таштоого, чогу өчө элек күлдү төгүүгө болбойт", — дешти мэриядан.
Эгер контейнерлердин бузулганын көрүп, уурдалганына күбө болсоңуз муниципалитет 0 (707) 48-61-62 WhatsApp номерине кабарлап коюуну өтүнөт.
Ишкер Таалайбек Асейинов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.06.2022
Радио
Асейинов: Бишкекте нан ыргытуу үчүн 1500 даана атайын челек коюлат
Жаңылыктар түрмөгү
0