Кыргыз-түрк "Манас" университетине кантип өтүүгө болот?

© Фото / Кыргызско-Турецкий университет "Манас" Кыргыз-түрк "Манас" университетинин студенттери
Кыргыз-түрк Манас университетинин студенттери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.06.2022
Жазылуу
Жакында Кыргыз-түрк "Манас" университетинде жаңы окуу жылына карата абитуриенттер кабыл алына баштайт. Бул материалда "Манас" университетине окууга тапшыруунун жол-жобосу туурасында кенен айтып беребиз.
Sputnik Кыргызстан агенттиги абитуриенттерге жардам иретинде Кыргыз-түрк "Манас" университети тууралуу бардык маалыматтарды чогултту.
"Манас" университетинде окуу акысыз. Ага университеттин өзүнүн (ички) экзамендерин же Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы (ЖРТ) менен тапшырууга болот.

"Манас" университетинин ички экзамендеринин жыйынтыгы менен кантип тапшырууга болот?

Керектүү документтерди чогултуу керек (тизме төмөндө).
Порталга катталуу учурунда экзаменге (жалпы тестирлөө) "Демир Кыргыз Интернэшнл Банкынын" (Кыргыз) бардык бөлүмдөрүнө же башка банктык карточкалар менен (Visa, MasterCard, "Элкарт") 500 сом төлөйсүз. Дүмүрчөктө (квитанция) абитуриенттин аты-жөнү сөзсүз көрсөтүлүшү керек.
Эсеп номери: 1180000199932061
БИК 118004
SWIFT DEMIKG22
4-июлдан 8-июлга чейин шилтеме менен кирип катталасыз (башка шилтемелер иштебейт).
Документтердин топтомун жана тестирлөөгө акча төлөнгөндүгүн тастыктаган дүмүрчөктү кошо тиркейсиз.
Тийиштүү документтерди текшерген соң датасын жана өтө турган жерин көрсөткөн экзамендик баракча берилет. Ал баракчанын көчүрмөсүн экзаменге кошо ала келүү керек. Паспортуңузду да алып алыңыз.
Катталуу үчүн кандай документтер керек
1.
Орто кесиптик билимди тастыктаган аттестат же дипломдун электрондук форматы;
2.
электрондук форматтагы паспорт;
3.
акыркы үч ай аралыгында тартылган 3х4 өлчөмүндөгү сүрөттүн электрондук форматы;
4.
ЖРТ сертификатынын электрондук форматы (110дон жогору балл алган абитуриенттер)
5.
Спорттук илим жана искусство факультетине тапшырган абитуриенттерден ЖРТнын сертификаты талап кылынбайт.
© Фото / Кыргызско-Турецкий университет "Манас"

Кыргыз-түрк "Манас" университетинин корпусу

Кыргыз-түрк "Манас" университетинин корпусу - Sputnik Кыргызстан
1/4

Кыргыз-түрк "Манас" университетинин корпусу

© Фото / Кыргызско-Турецкий университет "Манас"

Кыргыз-түрк "Манас" университетинин студенттери

Кыргыз-түрк "Манас" университетинин студенттери - Sputnik Кыргызстан
2/4

3/4

4/4

Кыргыз-түрк "Манас" университетинин студенттери

1/4

Кыргыз-түрк "Манас" университетинин корпусу

2/4

Кыргыз-түрк "Манас" университетинин студенттери

3/4

Кыргыз-түрк "Манас" университетинин студенттери

4/4

Кыргыз-түрк "Манас" университетинин студенттери

Сынак качан жана кантип өтөт?

17-июлда саат 10:00дө жалпы тестирлөө, ал эми 14:30да англис тили боюнча тест башталат. Сынак жалпысынан 4-5 саатка созулат жана жалпы тестирлөөдө 120 суроо, англис тили боюнча 60 суроо берилет.

ЖРТнын жыйынтыгы менен "Манас" университетине кантип тапшыруу керек

ЖРТ сертификатын алгандан кийин дароо шилтеме аркылуу КРдин Билим берүү жана илим министрлигинин порталына катталып, жеке профилди толтуруу керек.
Порталда Кыргызстандагы бардык ЖОЖдорго байланыштуу керектүү маалыматтар камтылган. Анын жардамы менен окуу жайын, багытын, профилин тандап, жакынкы аралыкта Билим берүү жана илим министрлиги жарыялай турган тур-графигине ылайык ЖРТнын электрондук билетин тапшырышыңыз керек.

Факультеттер жана багыттар

Гуманитардык факультет:
тарых;
түркология (филология);
орус тилинин программасы жана адабияты (филология);
англис тили жана адабияты программасы (филология);
кытай тили жана адабияты (филология);
социология;
философия;
психологиялык-педагогикалык колдоо жана консультация берүү программасы (педагогика);
кыргыз-түрк тили боюнча котормо (лингвистика);
кыргыз-англис тили боюнча котормо (лингвистика);
түрк-орус тили боюнча котормо (лингвистика).
Экономика жана башкаруу факультети:
экономика;
менеджмент;
финансы жана кредит;
эл аралык мамилелер.
Инженердик факультет:
программалык инженерия;
экология жана жаратылышты пайдалануу;
азык-түлүк технологиясы жана коомдук тамактанууну уюштуруу;
химиялык технология;
электроника жана электротехника (эксперименталдык багыт);
өнөр жай инженериясы (эксперименталдык багыт).
Коммуникация факультети:
журналистика;
жарнама жана коомчулук менен байланыш;
телевидение.
© Фото / Кыргызско-Турецкий университет "Манас"

Кыргыз-түрк "Манас" университетиндеги окуу процесси

Кыргыз-түрк "Манас" университетиндеги окуу процесси - Sputnik Кыргызстан
1/5

2/5

3/5

4/5

5/5

Табигый илимдер факультети:
математика;
прикладдык математика жана информатика;
биология.
Искусство факультети:
графика;
живопись;
музыкалык искусство;
театралдык искусство.
Теология факультети:
дин таануу;
теология.
Ветеринардык факультет:
ветеринария.
Айыл чарба факультети:
өсүмдүктөрдү коргоо (агрономия);
багбанчылык (агрономия).
Спорт илими факультети:
машыктыруучуларды даярдоо (дене тарбия);
дене тарбия (педагогикалык).
Туризм факультети:
мейманкана иши;
туризм;
сервис.
Медициналык факультет:
дарылоо иши.

"Манас" университети тууралуу маалымат

Бүгүн Кыргыз-түрк "Манас" университетинде 11 факультет, 41 кафедра, 85 лаборатория, өнөркана жана студия, 6 100 студент (алардын ичинен 895и чет элдик), 531 окутуучу (анын ичинен 187си чет элдик), орто-профессионалдык билим берүү жаатында 10 программа, бакалавриаттын 41 программасы, магистратуранын 27 программасы, докторантуранын 12 программасы, 3 библиотека, 5 окуу залы, 88 475 китеп, 9 576 бүтүрүүчү, 43 өлкөдөн жумушчулар, 1 380 орундуу студенттик жатакана, жабык спорт комплекси, кызыкчылыктарды камтыган 35 клуб, теннис корту, 2 баскетбол аянты, 2 футбол аянты, 2 жеңил атлетика жолу, фитнеске, күрөшкө, бокска, дзюдого, самбого жана тхэквондо ылайыкташкан залдар бар.
© Фото / Кыргызско-Турецкий университет "Манас" Кыргыз-түрк "Манас" университетинде окутуу түрк жана кыргыз тилдеринде жүргүзүлөт
Кыргызско-Турецкий университет Манас  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.06.2022
Кыргыз-түрк "Манас" университетинде окутуу түрк жана кыргыз тилдеринде жүргүзүлөт

"Манас" университетинин тарыхы

Университет 1995-жылы Кыргызстандын жана Түркиянын өкмөтүнүн келишиминин негизинде түзүлгөн. 1997-жылы алгач ирет 86 студент менен 39 окутуучуга эшигин ачкан. Билим берүү ишмердигин түркология, тарых, менеджмент жана компьютердик инженерия тармагында баштаган. Бүгүн студенттердин саны он эсеге өстү. Гуманитардык, так илимдер, экономика жана башкаруу, теология, коммуникация, инженердик, ветеринардык, айыл чарбасы жана искусство өңдүү факультеттер кошулду. Билим берүү процессине — дене тарбия жана спорт, туризм жана мейманкана иши, чет тилдери сыяктуу үч жогорку мектеп кошулду. Мындан тышкары, эки жылдык кесиптик-техникалык мектеби бар. ЖОЖдо 374 окутуучу жана 298 административдик чарба кызматкери эмгектенет.
© Фото / Кыргызско-Турецкий университет "Манас" Университет 1995-жылы Кыргызстандын жана Түркиянын өкмөтүнүн келишиминин негизинде түзүлгөн
Кыргызско-Турецкий университет Манас  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.06.2022
Университет 1995-жылы Кыргызстандын жана Түркиянын өкмөтүнүн келишиминин негизинде түзүлгөн
Кыргыз-түрк "Манас" университетинде окутуу түрк жана кыргыз тилдеринде жүргүзүлөт. Студенттерди алмашуучу эл аралык программалары жана чет өлкөдөн практика өтүү мүмкүнчүлүгү бар. Университеттин диплому Кыргызстанда, Түркияда жана башка алыскы чет өлкөлөрдө жарайт.
КТУ "Манас" 2017-жылы Кыргызстандын социалдык-экономикалык, руханий жана интеллектуалдык потенциалына кошкон өзгөчө салымы үчүн "Достук" ордени менен сыйланган. Ошол эле жылы ЖОЖ КРдин Билим берүү жана илим министрлиги жана Clarivate Analytics уюму тарабынан Web of Science Awards сыйлыгына ээ болгон.
© Фото / Кыргызско-Турецкий университет "Манас" Кыргыз-түрк "Манас" университетинин бүтүрүүчүлөрү азыр кесиби боюнча Кыргызстандагы ар кыл тармакта эмгектенип келишет
Кыргызско-Турецкий университет Манас  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.06.2022
Кыргыз-түрк "Манас" университетинин бүтүрүүчүлөрү азыр кесиби боюнча Кыргызстандагы ар кыл тармакта эмгектенип келишет
Өткөн жылы "Манас" университети Quacquarelli Symonds версиясы боюнча дүйнөнүн 1 422 мыкты университеттеринин рейтингинде 801 орунду ээлеп, тизмеге кирген Кыргызстандагы биринчи университет болуп калган.
КТУ "Манастын" ректору — профессор Aлпаслан Жейлан.
Дареги жана байланыш телефондору:
Бишкек, Ч. Айтматов проспекти, 56 (борбордук имарат);
(0312) 49-27-63, 49-27-65 (кабыл алуу комиссиясы);
Сайты: info@manas.edu.kg.
Международный университет Ала-Тоо - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.06.2022
Эл аралык "Ала-Тоо" университетине кантип өтүүгө болот?
Жаңылыктар түрмөгү
0