Эскертүү! Алдыда катуу ысык күтүлөт. Аптаптан сактануунун жолдору

© AFP / DAMIEN MEYERГрадусник. Архив
Градусник. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.06.2022
Жазылуу
Алдыдагы беш күндө күндүн табы 40 градуска чейин көтөрүлөрүн айтышты.
БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги 26-30-июнь күндөрү өлкөдө күн катуу ысый турганын эскертти.
Ага ылайык, абанын күндүзгү температурасы Чүй өрөөнүндө 36…38 градуска чейин, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында 38…40 градуска чейин жогорулашы күтүлөт.
Мындан улам Кыргызгидромет Кыргызстандын Улуттук Кызыл Ай коому жарыялаган аптаптуу ысыктан сактануу сунуштары менен бөлүштү:
Күн катуу ысыган убакта көчөгө чыкпоого аракет кылыңыз. Өтө муздак эмес суюктуктарды күнүнө 1,5-2,5 литрдей ичиңиз. Суу, квас, жемиш ширелери алдын алуунун эң жакшы жолу;
Спирт ичимдиктерин же кофени жолотпоңуз, алар организмдеги сууну азайтат;
Салкын душка же ваннага түшүңүз;
Табигый кездемелерден жасалган жеңил жана кенен кийимдерди кийиңиз (жакшы пахта жана зыгыр кездемелери);
Көчөгө чыкканда шляпа же кепка кийиңиз жана күндөн коргоочу көз айнек тагыңыз, көлөкөдө жүргөнгө аракет кылыңыз;
Күндүз терезелерди жабыңыз, айрыкча терезелер күн тарапта болсо аны сөзсүз жабыш керек. Сырттагы температура үйдөгүдөн төмөн болгондо, тагыраагы, түнкүсүн терезелерди ачыңыз.
Организмдеги суунун азайышынын белгилери:
чаңкоо, ооз кургоо;
баш айлануу;
алсыздык;
баш оору;
катуу тердөө.
Ысык-Көл. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.06.2022
Мээ кайнаткан ысык болобу? Июль айына карата аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0