Путиндин “БРИКС плюс” жыйынындагы сөзүнүн урунттуу учурлары

© Sputnik / Михаил Метцель / Медиабанкка өтүүРоссиянын президенти Владимир Путин
Россиянын президенти Владимир Путин  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.06.2022
Жазылуу
Путин Россия муктаж болгон көптөгөн өлкөлөргө, атап айтканда, Ливан, Тажикстан, Кыргызстан, Куба, Судан жана башкаларга гуманитардык жардам көрсөтүүнү улантып жатканын айтты.
БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин “БРИКС плюс” жыйынына катышып, сөз сүйлөдү.
Путиндин сөзүнүн урунттуу учурлары:
Россия украин данын экспорттоого тоскоолдук кылбайт, бирок Киевдин конструктивдүү позициясы жетишсиз. Эгер украин аскерлери жүк ташуучу портторду жана ага жакын жайгашкан акваторияны миналардан тазалашы керек;
негизги айыл чарба азыктарына болгон баанын өсүшү жаңы өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө таасир этти, ал эми батыш өлкөлөрү дүйнөлүк айыл чарба өндүрүшүн туруксуздаштырууну улантууда;
Россия дүйнөлүк рынокко эгин экспорттоого даяр, быйыл рынокко 50 миллион тонна эгин бере алат, анткени жакшы түшүм алууну пландаштырууда;
кээ бир мамлекеттер өздөрүнүн үстөмдүгүн сактап калуу үчүн коопсуздук эрежелерин өзгөртүүгө аракет кылып жатышат. Бирок кимдир бирөөлөр ойлоп тапкан эрежелер боюнча жашоого даяр эмес мамлекеттердин өнүгүүсүнө тоскоолдук болот;
мыйзамсыз санкциялык инструменттерди ойлонбой колдонуу менен кризис күчөдү;
Россия муктаж болгон көптөгөн өлкөлөргө, атап айтканда, Ливан, Тажикстан, Кыргызстан, Куба, Судан жана башкаларга гуманитардык жардам көрсөтүүнү улантууда;
эл аралык валюта-финансы системасы солгундап, өндүрүш, логистикалык жана инвестициялык чынжырлар үзүлүп жатат. Бирок бул атайын аскердик операциянын натыйжасы эмес, G7 өлкөлөрүнүн бир нече жылдык жоопкерчиликсиз саясатынын жыйынтыгы.
АКШнын президенти Жо Байден. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.06.2022
АКШлык аткаминер Байдендин Путин тууралуу калпын ашкереледи
Жаңылыктар түрмөгү
0