Ишембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүКишилер паркта жаан учурунда
Кишилер паркта жаан учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.06.2022
Жазылуу
25-июнда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.
БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Ишембиде кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +29...+34, Таласта +27...+32, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +31...+36, Ысык-Көл жана Нарын аймактарында +23...+28 градус ысык болот.
Борбор калаада күндүн табы +32...+34, Ош шаарында +34...+36, Чолпон-Атада +25...+27 градуска жетери болжолдонду.
Казакстандын желеги жана ПЦР тест. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.06.2022
Казакстанда COVID жуктургандардын саны кайрадан өсүп келе жатат
Жаңылыктар түрмөгү
0