Жумгалдын пара алууга шектелген соту убактылуу тергөө абагына киргизилди

© Sputnik / Екатерина Чеснокова / Медиабанкка өтүүАбактагы адам. Архив
Абактагы адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.06.2022
Жазылуу
Жумгалдагы райондук судья менен прокурордун орун басары 50 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалганы айтылган эле.
БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Буга чейин президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен иштен четтетилген Жумгал райондук сотунун судьясы Ачылбек Арзиев УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Бул туурасында аталган ведомствонун маалымат кызматынан кабарлашты.
Опузалап талап кылуу жана акча алуу фактысы боюнча катталып козголгон кылмыш ишинин алкагында Жумгал районунун судьясы А.А.М. жана Жумгал районунун прокурорунун орун басары О.Ж.К. акча алып жаткан жеринен кармалышкан.
Буга байланыштуу 2022-жылдын 23-майында судьяга мындан ары кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси ("Пара талап кылуу") боюнча иш козголгон. Анткен менен мурдараак Соттор кеңеши Жумгал райондук сотунун судьясы пара менен кармалды деген маалыматты 21-майда четке кагып, билдирүү тараткан эле. Бирок 10-июнда Судьялар кеңеши Башкы прокуратуранын судьясы Арзиевди кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча сунушун канааттандырган.
Ал эми прокурордун кармалган орун басары О.Ж.К. мурдараак эки ай мөөнөткө УКМКнын тергөө абагына киргизилген.
Судья. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.06.2022
Пара алды дешкен. Жапаров Жумгалдын сотун кызматынан убактылуу четтетти
Жаңылыктар түрмөгү
0