Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

ЕАЭБде импорттун ордун алмаштыруу боюнча комиссия түзүлөт. Аткарчу иши

© Sputnik / Табылды КадырбековЖыйындын катышуучулары. Архив
Жыйындын катышуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.06.2022
Жазылуу
Комиссия экономиканын жогорку технологиялар тармагындагы артыкчылыктуу долбоорлорду аныктайт жана илгерилетет.
БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Евразия экономикалык биримдигинде импорттун ордун алмаштыруу боюнча комиссия түзүлөт. Бул тууралуу ЕЭКтин расмий өкүлү Ия Малкина Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отурумунун жыйынтыгы тууралуу өткөн видеокөпүрөдө билдирди.
Анын айтымында, тийиштүү чечимди бүгүн ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары кабыл алган.

“Бүгүн өткөрмө долбоорлорду илгерилетүү, өнөр жай кооперациясы жана импорттун ордун алмаштыруу жөнүндө көп айтылды. Бардык өкмөт башчылар эрежелерди гана талкуулап отурбай, алгылыктуу долбоорлорду да башташыбыз керектигин билдиришти. Дал ушуга негизделип импортту алмаштыруу боюнча комиссия түзүү чечими кабыл алынды. Ал экономиканын жогорку технологиялар тармагындагы артыкчылыктуу долбоорлорду аныктайт жана илгерилетет”, — деди Малкина.

Ошондой эле ал ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өнөр жай товарлары боюнча импорттун ордун басууга дарамети жетерин белгиледи.
“Биз тараптан жүргүзүлгөн анализ биримдиктин аймагына ташып келинген өнөр жай товарларынын 27 пайызын улуттук өндүрүшчүлөр ээлей аларын көрсөттү. Эгер бул долбоорлор ишке ашса, импорттон көз карандысыздык 60 пайыздан ашат. Ага мотивация берүүгө жаңы инструменттер иштелип жатат. Мында евразиялык трансулуттук компаниялар жана ЕЭКтин сунушу негизги ролду ойношу керек”, — деди Малкина.
Анын айтымында, импорттун ордун баса турган лидерлер машина жана жабууларды, компьютерлерди, электрондук-оптикалык буюмдарды, түрдүү химиялык товарларды чыгарган өндүрүш болушу керек.
Эскерте кетсек, бүгүн Минск шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйыны болуп өттү. Ага ЕАЭБ мамлекеттеринин, байкоочу өлкөлөрдүн өкмөт башчылары жана ЕЭК коллегиясынын төрагасы катышты. Алар товарды идентификация каражаттары менен маркалоону ишке киргизүү, өнөр жай жаатында кооперация жана импортту алмаштыруу боюнча комиссия түзүү маселелери менен биргеликте керектөөчүлөрдүн укугун коргоо программасын талкуулашты.
Супермаркет. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.06.2022
Пресс-борбор
Азык-түлүктүн баасын ооздуктоо. ЕАЭБде маанилүү чечим кабыл алынды
Жаңылыктар түрмөгү
0