https://sputnik.kg/20220620/volodin-ukraina-evrobirimdik-suverenduuluk-1065395862.html
Володин: Украина Евробиримдикке мүчө болуу менен эгемендүүлүгүн жоготот
Володин: Украина Евробиримдикке мүчө болуу менен эгемендүүлүгүн жоготот
Sputnik Кыргызстан
Россиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Украина Европа шериктештигине мүчө болууга да, талапкер макамына да ылайыктуу эмес деп эсептейт. 20.06.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-06-20T12:55+0600
2022-06-20T12:55+0600
2022-06-20T12:55+0600
россиянын донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
европа биримдиги
мүчө
коркунучтар
https://sputnik.kg/img/07e6/06/14/1065395836_0:83:3187:1876_1920x0_80_0_0_61fbf925bdcda51aed87e69d608580e4.jpg
БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Украина Европа биримдигине мүчө болуу менен көз карандысыздыгын жоготуп коюшу мүмкүн. Бул тууралуу Россиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володинге шилтеме берип РИА Новости жазды.Анын пикиринде бул нерсе Украинанын өзү үчүн кайгылуу бүтүшү ыктымал."Бүгүн Евробиримдикке мүчө болууну күтүп жаткан беш талапкер бар. Украина Европа шериктештигине мүчө болууга да, талапкер макамына да ылайыктуу эмес. Жалпы коррупция, күчөгөн кылмыштуулук, олигархиялык бийлик жана талкаланган экономика буга жол бербейт. Муну Европа да жакшы билет, бирок Россияны алсыздандыруу каалоосу үстөмдүк кылып жатат. Украина ЕБге мүчө болсо, чечим борбору Брюсселге көчүрүлөт. Демек, украин эли көз карандысыздыгын жоготот", — деди төрага.Эске салсак, Владимир Зеленский 28-февралда Украинанын Евробиримдикке кошулуусу боюнча арызга кол койгон. Еврокомиссиянын башчысы Урсула Фон дер Ляйен апрель айында Киевге барганда Зеленскийге Евробиримдикке кирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоо үчүн анкета тапшырган. Учурда ЕК Украинанын жоопторуна баа берип жатат. 23-24-июндагы Евробиримдиктин саммитинде Украинага талапкер статусун берүү мүмкүнчүлүгү боюнча өз сунуштарын айтат деп күтүлүүдө.
https://sputnik.kg/20220611/ukraina-evrobirimdik-mucholuk-5-sebep-1065130966.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/06/14/1065395836_446:0:3177:2048_1920x0_80_0_0_954815a7fac78ad2d3693f8a2738fde2.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
европа биримдиги, мүчө, коркунучтар
европа биримдиги, мүчө, коркунучтар
Володин: Украина Евробиримдикке мүчө болуу менен эгемендүүлүгүн жоготот
Россиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Украина Европа шериктештигине мүчө болууга да, талапкер макамына да ылайыктуу эмес деп эсептейт.
БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Украина Европа биримдигине мүчө болуу менен көз карандысыздыгын жоготуп коюшу мүмкүн. Бул тууралуу Россиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володинге шилтеме берип
РИА Новости жазды.
"Украина өзүн-өзү жок кылуусун улантууда. Ушул аптада Еврокеңеш Украинага Евробиримдиктин мүчөлүгүнө талапкер макамын берүү боюнча чечим кабыл алат. Батыш Россия менен акыркы украиналык калганга чейин күрөшүшү мүмкүн. Бирок алар ийгиликке жете элек. Ошондуктан Вашингтон жана Брюссель кагылышууларды улантуу үчүн бардыгын жасоого даяр", — деди Володин.
Анын пикиринде бул нерсе Украинанын өзү үчүн кайгылуу бүтүшү ыктымал.
"Бүгүн Евробиримдикке мүчө болууну күтүп жаткан беш талапкер бар. Украина Европа шериктештигине мүчө болууга да, талапкер макамына да ылайыктуу эмес. Жалпы коррупция, күчөгөн кылмыштуулук, олигархиялык бийлик жана талкаланган экономика буга жол бербейт. Муну Европа да жакшы билет, бирок Россияны алсыздандыруу каалоосу үстөмдүк кылып жатат. Украина ЕБге мүчө болсо, чечим борбору Брюсселге көчүрүлөт. Демек, украин эли көз карандысыздыгын жоготот", — деди төрага.
Эске салсак, Владимир Зеленский 28-февралда Украинанын Евробиримдикке кошулуусу боюнча арызга кол койгон. Еврокомиссиянын башчысы Урсула Фон дер Ляйен апрель айында Киевге барганда Зеленскийге Евробиримдикке кирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоо үчүн анкета тапшырган. Учурда ЕК Украинанын жоопторуна баа берип жатат. 23-24-июндагы Евробиримдиктин саммитинде Украинага талапкер статусун берүү мүмкүнчүлүгү боюнча өз сунуштарын айтат деп күтүлүүдө.