Шейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүПаркта кишилер жаан учурунда
Паркта кишилер жаан учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.06.2022
Жазылуу
21-июнга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 20-Июн. — Sputnik. Шейшемби күнү кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +24...+29, Талас аймагында +20...+25, Ысык-Көл өрөөнүндө +22...+27, Нарында +19...+24 градус жылуу болот.
Күндүн табы Бишкек жана Ош шаарларында +27...+29, ал эми Чолпон-Атада +22...+24 градуска жетет.
Аэропорттон учуп баратканда учак. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.06.2022
Бишкектен Алматыга күн сайын уча турган жаңы авиакаттам ачылды
Жаңылыктар түрмөгү
0