Бишкектеги бизнес-форум: кайсы маселелер талкууланары айтылды

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстан жана Россия желектери. Архив
Кыргызстан жана Россия желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.06.2022
Жазылуу
Иш-чараны "Зарубеж-Экспо" ААКсы Улуттук инвестициялык агенттик менен биргеликте уюштурууда.
БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Бишкек бизнес-форуму жана EXPO Russia Kyrgyzstan 2022/EXPO Eurasia — 2022 өнөр жай көргөзмөсүнүн жүрүшүндө бир катар долбоорлор талкууланат. Бул тууралуу брифингде "Зарубеж-Экспо" ААКтын эл аралык кызматташуу боюнча директору Анатолий Николаев билдирди.
Көргөзмө жана бизнес-форум 21-23-июнь аралыгында "Аю Гранд" соода борборунда өтөт. Иш-чараны "Зарубеж-Экспо" ААКсы Улуттук инвестициялык агенттик менен биргеликте уюштурууда.
Николаевдин айтымында, азырынча канча келишимге кол коюлары белгисиз.
Талкууланчу долбоорлор:
Кыргызстанда заманбап тоо-кен техникасын, атап айтканда, бульдозерлорду чыгаруу боюнча өндүрүш баштоо;
акыркы муундагы автобустарды чогултуу өндүрүшү;
медициналык буюмдарды биргелешип өндүрүү;
заманбап навигациялык жабдуулары бар КамАЗдарды чыгаруу;
"Мироторг" концернин кеңейтүү.
Өнөр жай көргөзмөсү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.06.2022
Бишкекте өнөр жай көргөзмөсү өтөт
Жаңылыктар түрмөгү
0