Мектеп бүтүрүүчүлөрү качан аттестат алары белгилүү болду

© Sputnik / Жоомарт УраимовМектеп бүтүрүүчүсүнүн аттестаты. Архив
Мектеп бүтүрүүчүсүнүн аттестаты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.06.2022
Жазылуу
Быйыл 65 миңден ашуун өспүрүм билим уясынан учуп чыгууда.
БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Кыргызстанда мектеп бүтүрүүчүлөрүнө 7-июль күнү аттестат берилет. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Ошону менен эле катар 9-классты бүткөнү тууралуу күбөлүктөр 5-июлда берилет.
Белгилей кетсек, 2021-2022-окуу жылында 9-классты — 106 219, 11-классты 67 045 окуучу бүтүрдү.
Буга чейин Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча сертификаттар 27-июндан 4-июлга чейин чыгары айтылган.
ЖРТ тапшырып жаткан бүтүрүүчүлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.06.2022
Быйыл "Алтын тамга" ала турган 80 бүтүрүүчүнүн аты-жөнү жарыяланды
Жаңылыктар түрмөгү
0