Жекшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүПарктагы кыз. Архив
Парктагы кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.06.2022
Жазылуу
19-июнда туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу тоолуу аймактарда сел жүрүү кооптуулугу бар. Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт.
БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Жекшембиде кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу аймактарда кар жаашы мүмкүн. Дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кабарлады.
Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +29...+34, Талас жергесинде +26...+31, Ысык-Көл, Нарын аймагында +21...+26 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +31...+33, Ошто +32...+34 жана Чолпон-Ата шаарында +21...+23 градуска жетет.
Сууга түшүп жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.06.2022
Сууга адам үч себептен улам чөгөт. Маанилүү 8 суроого жооп
Жаңылыктар түрмөгү
0