Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Жумаков: Кыргызстанда алты айда 20 адам сууга чөгүп кетти

© Sputnik / Табылды КадырбековӨКМдин Суучулдарды даярдоо жана суунун алдында техникалык иштерди жүргүзүү борборунун башчысынын орун басары Замирбек Жумаков. Архив
ӨКМдин Суучулдарды даярдоо жана суунун алдында техникалык иштерди жүргүзүү борборунун башчысынын орун басары Замирбек Жумаков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.06.2022
Жазылуу
ӨКМдин Суучулдарды даярдоо жана суунун алдында техникалык иштерди жүргүзүү борборунун башчысынын орун басары Замирбек Жумаков учурда 61 куткаруучу окуудан өтүп сертификаттарын алышканын айтты.
2022-жылдын 7-июнуна карата алынган маалыматка ылайык, Кыргызстанда 20 адам сууга чөгүп кетти. 2021-жылга (41 адам чөккөн) салыштырмалуу бул көрсөткүч 50 пайызга аз. Учурда кырсыкты алдын алуу үчүн окутуу-даярдык иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Замирбек Жумаков Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Жумаков: Кыргызстанда алты айда 20 адам сууга чөгүп кетти
Анын айтымында, суу объектиндеги ар бир 50 метр аралыктагы жерде бирден куткаруучу турушу керек.
"ӨКМдин Суучулдарды даярдоо жана суунун алдында техникалык иштерди жүргүзүү борбору жыл сайын суучулдарды жана куткаруучуларды окутуудан өткөрүп келет. Учурда жаз айынан баштап бул жаатта күчөтүлгөн иштер жүрүп жатат. Өткөн жылы 151 куткаруучуну окутсак, азыркы учурда 61 адам сертификат алды. Министрликтин буйругунун негизинде өлкөнүн ичиндеги суу объектилерде инвентаризация жүргүзүлдү. Ошол аймакта иштеген пансионат, эс алуу жайлары жана бассейндин ээлерине, аймактын башкаруу органдарына куткаруучуларды даярдыктан өткөрүү, адам өмүрүн сактоо эрежелерин так аткаруу боюнча кат (400дөн ашык) жолдонгон. Алардын ичинен басымдуу бөлүгү Ысык-Көлдөгү эс алуу жайлары. Жалпы 200дөй кат ээсине жеткирилди. Эл алуучу жайлардын бул жаатта жасаган иши канааттандырарлык. Тилекке каршы, биз айткан талаптарды баары эле аткара бербейт. Айрым эс алуучу жайлардын ээлери куткаруучуларын даярдыктан өткөрүп же кошумча куткаруучу алууга кызыкдар эмес. Белгилей кетчү нерсе, куткаруучу бул сууда мыкты сүзгөн адам эмес. Сууда сүзүү боюнча чемпион болсо дагы чөгүп жаткан адамды куткаруу — бул башка маселе. Андыктан куткаруучу сөзсүз окутуудан өтүшү зарыл", — деди Жумаков.
Ал суу объектилеринде посттор уюштурулуп, куткаруучу, медперсонал болушу керектигин, ошондой эле ар бир 150 метрде кайык, 300 метрде моторлуу кайык жана ар бир 30 метрде суудан куткаруучу жабдуулар илинип, суунун тереңдиги белгиленип, балдар үчүн өзүнчө аянтча уюштурулушу керектигин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0