Июнь окуясы көп нерсеге көзүбүздү ачты. Садыр Жапаровдун кайрылуусу

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.06.2022
Жазылуу
Жапаров кыргыз эли мындан да оор тагдырларды баштан кечиргенин айтып, элдин кеменгерлиги, сабырдуулугу менен улуттун бүтүндүгү сакталып келе жатканын белгилеген.
БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров июнь окуясынын 12 жылдыгына карата элге кайрылуу жасаганын президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Өлкө башчы кыргыз эли башынан кыйын күндөрдү өткөргөнүн айтып, анын баарынан улуу нарк, каада-салт, бекем ынтымак жана биримдиктин аркасында сакталып келе жатканын белгилеген.
"Эгемендикке ээ болгон 30 жыл ичинде тарыхтын оор сыноолорунан кыйгап өтүп кете алган жокпуз. Алардын бири — 2010-жылдагы каргашалуу Июнь окуясы. Ош калаабыз менен Жалал-Абад шаарында тышкы күчтөр, ички сепаратисттер бизди бөлүп-жарууга аракет жасашты. Ошол күчтөр мамлекеттин келечегин эмес, өз кызыкчылыгын ойлоп, коомго улуттар аралык кастык мамилени козуткан жалган маалыматтарды таратып, ынтымагыбызга доо кетирип, коюн-колтук алышып жашаган эки элди бөлүп-жарды. Кан төгүлүп, энелер боздоп, аталар сыздады. Балдар жетим, аялдар жесир калды. Эң коркунучтуусу, Ата Мекендин бүтүндүгүнө доо кетирген коогалаңга туш болдук. Бирок карт тарыхта мындан да оор, мындан да кыйын тагдырларды баштан кечирген элибиз кеменгерлиги, кең пейилдиги, даанышмандыгы, сабырдуулугу менен ортодогу жалындаган өрттү өчүрүп, бүтүндүгүбүздү сактап калды. Тынчтык турмушту калыбына келтирүүнүн жана туруктуу өнүгүү жолуна түшүүнүн уникалдуу үлгүсүн көрсөттү. Элибиздин ушул асыл сапатын, нарк-насилин баалай билишибиз зарыл", — деп жазылат кайрылууда.
Президент ошол апаатта кайтыш болгондорду эскерип, жардамга кол сунгандарды кыргыз эли эч качан эсинен чыгарбай турганына токтолгон.
"Ошол оор күндөрү өлкөбүзгө колдоо көрсөткөн бардык тараптарга, эл аралык коомчулукка ыраазылык билдиребиз. Жабыр тарткандарга жардамын аябаган жалпы журтубузга ыракмат айтабыз. Каргашалуу апаат көп нерсеге көзүбүздү ачып, өлкөнүн биримдигине байланыштуу ар бир аракетибизге аяр мамиле кылуу керектигин таамай тастыктап берди. Бул күн бизге кандуу калабаны эске салуу менен бирге мындан ары достук-ынтымак мамилени чыңдоо милдетин эскертип турат. Эң оболу келечек муун үчүн кубаттуу жана өнүккөн Кыргызстанды куруу мойнубуздагы ыйык парз экенин сездирип турат. Өлкө жетекчилигинин көңүл чордонунда ар дайым улуттар арасындагы биримдикти жана этностордун ортосундагы ынтымакты коргоо маселеси турушу кажет", — деген Жапаров.
Өлкө башчы элди Кыргызстандын кызыл байрагынын алдында биримдикке чакырып, өлкөдөгү тынчтык жана бакубатчылыкты өзүбүздөн башка эч ким камсыз кыла албай турганын кошумчалаган.
2010-жылдын 10-июнунда Кыргызстандын түштүгү Ош жана Жалал-Абад облустарынын аймактарында "Июнь окуясы" деп аталган улуттар аралык чыр чыккан. Расмий маалыматтарга таянсак, бул капсалаңдан 442 адам каза болуп, 1,5 миңден ашуун киши жабыркаган. 10-июнда башталган тополоңду күч түзүмдөрү 14-июнда гана көзөмөлгө ала алган.
Саламаттык сактоо министринин мурдагы орун басары Касымбек Мамбетов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.06.2019
Радио
Мамбетов: июнь окуясында каза болгон 20 кишинин өздүгү дале тактала элек
Жаңылыктар түрмөгү
0