Путин: Россия СССР кетирген катаны кайталабайт

© Фото / POOL / Медиабанкка өтүүРФ президенти Владимир Путин. Архив
РФ президенти Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.06.2022
Жазылуу
Путин Россиядай өлкөнү эч ким сыртынан коргон кылып тосуп сала албай турганын баса белгилеген.
БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Россия СССР кетирген катаны кайталабайт, анын экономикасы ачык бойдон калат. Бул туурасында РФ президенти Владимир Путин Петр биринчинин 350 жылдыгына карата өткөн көргөзмөдө билдирди.
Путиндин кебинин урунттуу учурлары:
Эгер экономика аксап, жөтөлүп, чүчкүрүп жатса коомчулукту бир муштумга бириктирүү мүмкүн эмес;
Микроэлектрониканы чектөө — Россияга сокку уруунун негизги багыттарынын бири;
Батышта инфляцияны менин атым менен атап жатышат, бирок биз ага күнөөлүү эмеспиз;
Россиядай өлкөнү эч ким сыртынан коргон кылып курчап сала албайт, мамлекеттин да өз айланасын тосуп, обочолонуп алуу ниети жок;
Петр I аймактарды кайтарып, бекемдеген, ал милдетти аткаруу бизге да буюруп жатат;
Мамлекет арсар абалда тура албайт, же колония, же эгемен өлкө болушу керек.
Россия президент Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.06.2022
Путин Россия-кыргыз конференциясынын катышуучуларына кайрылды
Жаңылыктар түрмөгү
0